Акыркы макалалар

Караколдогу электротехникалык заводунун ээси качып жүрөт, ал эми анын мүлкү бир четинен сатылууда

Караколдогу электротехникалык заводунун ээси качып жүрөт, ал эми анын мүлкү бир четинен сатылууда. Бул тууралуу кечээ өткөн Ысык-Көл областтык коллегиясында Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов билдирди.

Ырасында эле аталган заводдун иштебей токтоп калгандыгына он чакты жылдын жүзү болуп калды. Бирок, анын Социалдык фондунун алдындагы, электр энергиясына жана башка толгон-токой карыздары күнү бүгүн дагы жоюлган жери жок. Ал эми заводдун жетекчиси болсо качып кеткен тейинче артка кайрылып келе элек. Бул багытта укук коргоо кызматынын өкүлдөрү алектенгени менен азырынча майнап чыга элек. Социалдык фонд болсо өз карыздарын өндүрүп алуу үчүн заводу сотко берген. Ошол эле учурда электротехникалык заводдун мүлкү бир четинен бузулуп сатылууда.

Кезегинде атагы Советтер Союзуна чейин белгилүү болгон электротехникалык заводунда учурда атайын администратор иштеп жатат. Завод банкротко берилген. Ээлеген жери, миллиондогон сомго бааланган мүлкү, имараттары бар. Эң өкүнүчтүүсү азыр ал бир четинен бузулуп,сатылууда.

Тилекке каршы мындай аянычтуу абалга капталган акционердик коомдор Каракол шаарында ондоп саналат. Эң кызыгы алардын бир дагы бирөө акционерлер, же шаар калкынын кызыкчылыгы үчүн эмес, жеке адамдардын кызыкчылыктары үчүн гана иштешти. Натыйжада алардын учурда сырткы макеттери гана калып, ички байлыктары толук бойдон сатылып кеткен.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...