Акыркы макалалар

Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагы 19 чакырымга Өзбекстандын чек арасы менен чектешет

Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын

Маалыматына караганда, Өкмөттүн облустагы өкүлү Жумагүл Эгамбердиева, Ала-Бука районунун акими Алымкул Кулуев жана облустук тармактардын бир катар жетекчилери Көк-Таш айыл аймагына болгон кыдырууну Булак-Башы айылындагы ФАПтын иши менен таанышуудан башташты. ФАПтын башчысы, фельдшер Нурмамат Умаров Булак-Башы айылында жашаган 680 тургундарга биринчи медициналык жардамды көрсөтөт. Кышкы жылытууга карата көмүр менен жетиштүү камсыз болушкан.

“Мындан сырткары, күн нурунан электр энергиясын алуучу жабдуу агрегат менен камсыз болгон. Күн энергиясы менен иштөөчү батарейка ФАПтын бөлмөлөрүн 27 саатка чейин жарык менен камсыз кылууга жарайт. Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагында 3800 калк жашап, бир орто мектеп, 2 башталгыч жана бир 9-класска чейин билим берүүчү мектеп, 1 балдар бакчасы иштейт. Айыл аймагы Өзбекстан менен 19 км 200 метр тилкени түзгөн чек ара аймагы менен чектешет”, - дейт басма сөз кызматы.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...