Акыркы макалалар

Дүйнө кооптонгон Эболага Кыргызстан кандай даярдык көрдү?

Дүйнө кооптонгон Эболага Кыргызстан кандай даярдык көрдү?

Дүйнөдө "Эбола" деп аталган тумоо жайылууда. Адистердин айтымында аталган вирус өтө жугуштуу. Дарыгерлер тумоолоп калгандардын 10 пайызы гана айыгышы мүмкүн деген прогноздорду берүүдө. Кыргызстан бул ооруну алдын алыш үчүн кандай аракеттерди көрүп жатат?

Саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Калиевдин айтымында, учурда Кыргызстанда Эбола вирусун жуктуруп алган учур каттала элек. Ушул тапта аталган министрликтин алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү тууралуу 25-августта чыгарылган буйругуна ылайык 5 санитардык-көзөмөл пункту иштеп жатат. Анын бирөө темир жол вокзалында, экөө – аба жолдорунда жана дагы экөө чек аралар кесилишкен автожолдордо иш алып барууда.

"Санитардык көзөмөл-пункттары оору аныкталып калса бейтапты өзүнчө бөлүү үчүн атайы жабдуулар менен жабдылган. Андан тышкары медициналык кызматкерлер үчүн тренингдер өткөрүлөт. Ушул тапта бул инфекцияны жуктуруп алган Кыргызстандын жарандары аныктала элек",- дейт министрдин орун басары. Ошондой эле анын айтымында жакында Сауд Аравиясынан ажылыктан кайтып келишкен зыяратчылар дагы медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Эбола калтыратмасынын жана башка өзгөчө кооптуу жана карантиндик оорулардын алдын алууга карата кызматтардын даярдыгын текшерген. "Манас" эл аралык аэропортунун санитардык-карантиндик пунктунун иши менен массалык маалымат каражаттарын тааныштырган.

Инфекционист-дарыгер Мирлан Чакиевдин айтымында, "Манастагы" санитардык-карантиндик пункт аркылуу суткасына орто эсеп менен 11-12ге жакын каттамдын жүргүнчүлөрү же 1600 -1700 адам өтөт. Ал эми жайында эс алуу өргүүсүнүн учурунда каттамдардын саны 20дан ашат, ал эми жүргүнчүлөрдүн саны 3-4 миңге жетет. "Негизинен республикага Орусия, Түркия, Үрүмчү, Бириккен Араб Эмираттарынан келишет. Бул өлкөлөрдө Эбола вирусу азырынча каттала элек",-дейт ал.

Ал эми Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун жетекчиси Нурболот Үсөнбаев эгерде жарандардын денесинин температурасы жогорулаган болсо изоляторго жаткырыларын, бул жерде бардык шарттар түзүлгөндүгүн маалымдады. "Бул жерде атайы дарыгерлер бригадасы бар, алар сутка бою иштейт жана ар бир бортту тосуп алып турат. Биз жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын абалына көз салабыз",-дейт Н.Үсөнбаев.

Н.Үсөнбаевдин айтымында, август айында Либериядагы командировкадан келген өлкөнүн жараны Бишкектеги госпиталдардын биринде 21 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. "Вирустун инкубациялык мезгили 21 күн болгондуктан, ушул мөөнөт өткүчөктү биздин Либериядан келген жараныбыз көзөмөлдө болду. Бирок Эбола калтыратмасынын эч кандай белгиси аныкталган жок, ошондуктан аны биз ооруканадан чыгардык",-деди ал.

Маалымат үчүн: Эбола тумоосунун белгилери

Эбола вирусу өзгөчө Африка өлкөлөрүндө кеңири кулач жайган, ал алгачкы жолу 1986-жылы аныкталган жана өз ичинен 5 түргө бөлүнөт. Оорунун белгилери өз ичине өтө катуу баш оору, көңүл айнуу, кан аралаш кусуу, былжыр чел кабыктардын (көз, мурун, бүйлө, кулак аркылуу кансыроо) канашы, булчуңдардын жана ичтин ооруксунушу, кургак жөтөл, ангинаны камтыйт, дененин температурасы 40 градус Цельсияга чейин жогорулашы ыктымал.

Оорулуу адам жуктуруп алган учурдан тарта үч жуманын ичинде вирус бөлүп чыгара берет, ал айланадагы адамдарга коркунуч туудурат. Аны экинчи жана үчүнчү жолу жуктуруп алган учурлар катталган, алардын көпчүлүгү стационарлардын медицина кызматкерлеринин арасында кеңири жайылган. Инфекция жакшы стерилденбеген медициналык аспаптар аркылуу таркалат.

Инкубациялык мезгили 4-6 жумага чейин созулат. Оору алгач курч мүнөздө өтөт жана баш жана булчуңдардын оорусу, ич өткөк менен коштолот. Акырындык менен ага көкүрөктүн сайгылашып оорушу, кургак жөтөл кошулат. 5-7 суткадан кийин териде бүдүрлөр пайда болуп, ал жоголуп кеткенден кийин кургап түшө баштайт. Геморрагикалык синдромдо мурундан кан кетет, ошондой эле кан дагы кусушат. Көп учурда бейтаптар оорунун экинчи жумасында кансыроо жана шоктон улам каза болушат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...