Акыркы макалалар

Жаңы тарифтик саясат кабыл алынмайын, бир фазалуу жана үч фазалуу абоненттер деп бөлүнгөн тарифтер иштейт, - Департамент жетекчи

Жаңы тарифтик саясат кабыл алынмайын, бир фазалуу жана үч фазалуу абоненттер деп бөлүнгөн 17-июндагы тарифтер иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Бишкекте өткөн тарифтик саясатты талкулоо учурунда, Отун-энергетикалык комплексти көзөмөлдөө департаментинин жетекчиси Нурбек Элебаев билдирди.

Ал, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 29-сентябрда өкмөттүн тарифтер жөнүндөгү токтому артка кайтарылгандыгын эске салып, 29-октябрга чейин өкмөт апелляция бере аларын белгиледи.

«Эгер өкмөт апелляция жөнөтпөсө, анда чечим кабыл алынат. Эгер жөнөтүлсө, анда андан ары каралат. Биз 1-декабрга чейин жаңы тарифтик саясат кабыл алууну күтүп жатабыз», - деди Элебаев.

Сентябрда электр энергиясына жана жылуулук энергиясына орточо тарифтик саясат жөнүндө өкмөттүн токтому менен бекитилген тарифтер иштеди. Бир фазалуу абоненттер 1 кВт/саатка 70 тыйындан, үч фазалуулар - 1 кВт/саатка 1,2 сомдон төлөшчү. Кийин райондор аралык сот токтомду жокко чыгарган.

Кийинчерээк, вице-премьер-министр Валерий Диль, өкмөт райондор аралык соттун чечимин талаша тургандыгын кабарлаган.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...