Акыркы макалалар

Бишкекте өз баласын уурдап кеткен Түркиянын жаранына издөө салынды

Бишкекте өз баласын уурдап кеткен Түркиянын жаранына издөө салынды

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи атасы - түрк жараны тарабынан уурдалган баланы издөөгө жардам сурайт.

Бүгүн, 10-ноябрда АКИpress агенттигине башкармалыктан билдиришкендей, 8-ноябрда Октябрь РИИБдин күзөт бөлүмүнө А.Ж. аттуу аял, өзүнүн 31 жаштагы түрк жолдошу Д.Озгонго карата чара колдонууну суранып кайрылган.

Д.Озгон 8-ноябрда болжол менен саат 19:00 чамасында «Космопарк» көңүл ачуу борборунун жанынан 10 айлык уулу Самирди алып кеткен боюнча кайтарып берген эмес.

Азыркы учурда материал Октябрь районунун ИИБне катталды.

Буга байланыштуу Октябрь РИИБ изделген адам тууралуу кандай гана маалымат болбосун күзөт бөлүмүнө 0 312 54 41 84 же 102 номерлери аркылуу жана 0 556 102 352, 0 552 88 28 35 телефондору аркылуу кабарлап коюуларын өтүнөт.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...