Акыркы макалалар

Парламентарийлер Баткен облусуна инвестиция тартуунун аракетинде

Жогорку Кеңештин депутаттары Улукбек Кочкоров, Карамат Орозова, Ташполот Балтабаев, Алишер Абдрахманов кечээ Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ким Чанг Гю менен жолугушту.

Депутаттар элчинин көңүлүн Баткен облусуна буруп айрыкча айыл чарбасынын кайра иштеттүү жана текстил тармактарына инвестиция тартуу жаатында көмөк көрсөтүүсүн өтүндү. Элчи Ким Чанг Гю инвесторлорду табууга жарадам берерин билдирди.

Учурда Баткен облусунун ивестициялык абалын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору иштелүүдө. Эгер ал ишке ашса, аймакта инвесторлор үчүн жакшы шарттар түзүлөт.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...