Акыркы макалалар

Букмекердик кеңселерди жабуу маселеси кайра козголду

Кечээ Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында букмекердик кеңселер менен тотализаторго тыюу салуу боюнча демилгеленген мыйзам долбоорлору талкууланды.

Демилгечилердин бири М.Расулов азыркы убакта букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун ишине тыюу салуу элге өтө зарыл болуп жатканына токтолду. Анын белгилөөсүндө, букмекерлер менен тотализаторлор кумар оюндарына берилип кеткен адамдардын, баарынан мурда инсандык сапаттары калыптана элек жаштардын адеп-ахлактык жана психологиялык абалына терс таасир көрсөтүү үчүн бардык шарттарды түзүүнүн негизи болуп кызмат кылууда. Жаштар, анын ичинде өспүрүмдөр оюн-зоок салондору менен автоматтарынын кызматтарынан пайдаланган адамдардын негизги массасын түзөт.

Талкуу жүрүшүндө комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорлорун колдоо менен аларды башка-башка мыйзам долбоору кылып, убакытты коромжу кылбай, бириктирип бир долбоор катары 1-окууга чыгаруу чечимин кабыл алышты. Мыйзам долбоорлорун бириктирүүгө эки апталык мөөнөт белгиленди.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...