Акыркы макалалар

АКШда ок тийип каза болгон кыргызстандыктын өлүмү иликтенип жатат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Чикаго шаарында кыргызстандык жарандын башына тийген октон улам каза тапкандыгын тастыктады.

ТИМ басма сөз кызматы аталган окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирет:

"10-ноябрда Кыргыз Республикасынын жараны, Чикагодо жашап жана иштеп жаткан 1983-жылы туулган Абылбек Ызабековго пицца жеткирип жүргөн учурда кол салуу болуп, ага карата атылган ок башына тийген. Медициналык мекеменин маалыматына ылайык, ал Чикагодогу госпиталдын бирине жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, 11-ноябрда алган жаракатынын кесепетинен улам каза болгон".

Маалыматка ылайык, Ызабековдун өлүмү боюнча иштер Чикагонун тиешелүү кызматтары иликтөө жүргүзүп жатат.

Кыгызстандын АКШдагы элчилигинин өкүлү учурда Чикагодо каза болгон жарандын денесин Кыргызстанга жеткирүү максатында анын жакындары жана АКШнын компоненттүү органдары менен иш алып барып жатышат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...