Акыркы макалалар

Ош облусунда алмалардын жаңы сортторунун көргөзмөсү болот

15-ноябрда саат 10-00дө Ош улуттук драма театрында айыл чарба продукцияларынын жана мөмө-жемиштердин көргөзмө-жармаңкеси өтөт. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Жармаңке облустук өкүлчүлүктүн демилгеси менен өткөрүлүп, арзан баадагы азык-түлүктөр сатылмакчы. Ошондой эле жармаңкеде алма фестивалы өткөрүлүп, облустун аймактарынан келген алмалардын алдыңкы сортторунун көргөзмөсү болот.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...