Акыркы макалалар

Банк кызматкери кардардын 1 млн сомго жакын каражатын ээлеп алган

Ички иштер органдары тарабынан жасалмалуулук жана ири суммадагы акча каражатын ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында аймактык банктардын биринин ишмердүүлүгү текшерилген. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери банктагы жетекчилик кызматтын айрым адамдары тарабынан мыйзам бузуу фактысын ачыкташкан.

Анда, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы банктын бөлүм башчысы ишенип берилген ири өлчөмдөгү мүлктү жок кылуу жана ээлеп алуу, ошондой эле кардарды алдоо боюнча шектелип жатат. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2012-жылы аталган облустун жашоочусу банкта депозит ачып, бир жылдык мөөнөттө 1 млн сомго жакын акча каражатын салган. Кардарга банкир аларда жогорку пайыздык чен экендигин айткан. Бир жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин ал кардар өзүнүн каражаты тууралуу билүү чүн кайрылганда, ар кандай алдоолор менен ага акчасын кайтарып беришкен эмес. Ал эми, кардардын акчасы депозитке салынган эместиги аныкталган. Банктын депозиттик эсебинде болгону 1 миң сом болгон, ал эми калган каражат каржы мекемесинин жетекчилиги тарабынан ээленип алынган.

Азыркы тапта аталган факт боюнча Жалал-Абад ОИИБдин тергөө бөлүмү кылмыш иши козголгон.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...