Акыркы макалалар

Жер титирөөдө Ысык-Көл облусунда 486 турак үй I даражада жабыр тарткан

Жер титирөөнүн жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун аймагында жалпысынан 486 турак үй жана 7 социалдык объект I даражада жабыр тарткан. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 2014-жылдын 16-ноябрында жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиясынын текшерүү иштеринин негизинде жер титирөөнүн кесепетинен жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 1232 турак үй жана 12 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 486 турак үй жана 7 социалдык объект I даражада, 237 турак үй жана 3 социалдык объект II даражада, 44 турак үй жана 2 социалдык объект III даражада, 33 турак үй IV даражада жабыр тартканы аныкталган.

Эске салсак, 14-ноябрь күнү эртең менен өлкөнүн түндүк аймагында жер титиреп, анын күчү Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор жана Тамга айылдарында 7 балл, Балыкчы шаарында 4,5 балл, Каракол шаарында 5 балл, Чолпон-Ата шаарында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл жана Бишкек шаарында 3 балл болгон.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...