Акыркы макалалар

Майрамың менен, студент!

Майрамың менен, студент!

Студенттин басып өткөн "жолу"

Өз көлөкөңдөн корккон курак

Өз көлөкөсүнөн коркот. Оозун төө тепкенсип араң сүйлөйт. Сабактарга калбай катышып, ал тургай кечикпейин деп жарым саат эрте келип алат. Сабактардын жүгүртмөсүн карап, өз аудиториясын адашып тапмагы тозок. Алдынан өткөн мугалимди Кудайындай көрүп саламынан жазбайт. Бош убактысында китепканадан башы чыкпай отурганы отурган. Адабияттардын тизмесинде көрсөтүлгөн китептердин бирин да калтырбай алат. Түшкү тамагы, эки пирожки, самсы чай. Алгач келгенде арасынан оозунуп тың сүйлөп тили буудай кууруганы староста шайланат.

Аракет кылсаң берекет

Кичине тил бүтүп калган курак. Жакын курбу, дос күтөнгө жарап калышкан. Лекцияларга кечигип келмейлер четинен башталат. Биринчи курстардын аудитория таппай жүргөнүн көрүп күлүшөт. Сессиядан дагы деле коркот, бирок кичине аракет кылып чоң курста окуган тааныштардан лекцияларын, курстук иштерин сураштырып алганга жарап калышат.

Акча бар, убакыт жок

Коридордо ишенимдүү басат. Мугалимдердин кайсынысы жагаар жакпасын өзү үчүн эбак ылгап алган. Арткы партага качып, башкалардын көдөкөсүнө жашынып отурганды жактырат. Баскан-турганым кенен болсун жумушка орношуп алгандыктан сабака ашып кетсе бир жумада үч жолу келет. Ал турга кайра-кайра убара болуп келе бербей даярданып туруп модуль убагында келем деп жыйынтык да чыгарып алышат. Акчасы кенен, пирожкини көргөндө кускусу келет. Киргени студенттик ашкана.

Душмандын "тылында" тайраңдоо

Сабака келсе келет келбесе жок. Старостанын тилин таап, "НБ" койдурбашын суранып коет. Келсе да лекцияда уктап жатат. Мурдакыдай сессия учурунда кайсы мугалим эмне теманы сурайт экен деген тынчсыздануу жок. Анын ордуна кайсы мугалимдин "ставкасы канча" экен деген суроо түйшөлтөт. Көбү өзүнө ишенимдүү. Анткени мугалимдердин арасынан өзүнүн фронтуна тиешелүүсүн эбак кармап, тилин таап алган.

Айла жок, бирок ай лавю

Биринчи максат - дипломдук иш. Өзүң жазасыңбы, өзгөгө жаздырасыңбы ал сенин проблемаң. Экзамен учурунда баягы тийип качмай деген адат калган. Баары келе башташат. Ал тургай ушул биздин группада окучу беле э деген таң калуулар да жаралат. Университеттен тажап, мугалим көзүнө желмогуз көрүнүп калган кез. Бирок айла жок. Алдыга ГОС, дипломдук ишти жактоо деген жар турат.

Студенттин тилинде сүйлөйбүз

Аудитория – киргенден зааркануучу коркунучтуу бөлмө.

Мугалим – Шаршен. Анткени өзү билип турса деле калп эле билмексен болуп кайталап сурай берет.

Сабактардын жүгүртмөсү – душмандардын тизмеси.

Пара – уйкуну бышырууга түзүлгөн жакшы шарт.

Экзамен, зачет –ашуудан берген отчет

Жыйналыш – "НБ"лардын салтанаттуу концерти.

Шпаргалка –өлүмдөн алып калуучу жалгыз курал

Түштөнүү –студенттин бир тойгону, орто байыганы.

Жатакана – койнун кенен ачкан уя.

Жаш козулар үчүн "карышкырлардан" пайдалуу кеңештер

☻ Университеттин ичинен жашы отуздан өтүп калгандардын баары менен текши учураша бер. Арасында мугалимиң болуп калышы мүмкүн.

☻Лекцияга кечигип келсең "уруксаатпы?" деген келесоо суроону бербей эле кире бер. Уруксаат эмес болсо калганы ачаарың менен кууп чыгат. Уруксаат болсо көрмөксөнгө салат.

☻Лекцияга кирдиңби ар нерсени сүйлөп, башкалардын мээсин жебей тынч уктап ал. Уйкуң кангандан кийин деле кийинки сабакта сүйлөшкөнгө жетишесиң.

☻Университеттин босогосун аттарың менен колдон келсе дээринде бар бир кызды "кармап" кой. Кийин конспект көчүргөнгө, сессия тапшырганга жардамы тиет.

☻Студенттик абийриң сабак оку деп кыйнап жатса көңүл бурба. Сессияда баары бир окуганга туура келет. Студент үчүн жарым жылда бир кыйналган жетиштүү.

☻Сабакты билсең деле, билбесең деле талашып-тартышып "акылдуу" ойлорду ортого таштап кой. Кийин мугалимдин көзүнө урунуп калсаң сессияда көп эзбей баа коюп берет.

Студенттин арасындагы түшүндүрмөлөр

Эгер биринчи курста ушул сөздүктү өздөштүрбөсөң студенттердин айрым сөздөрүн түшүшү кыйын. Мисалы, сессия учурунда бирөө сизге парашют деп шыбыраса сиз түшүнбө тиктеп турганыңыз болбойт.

Козер – биринчи курстун "жашыл" студенти.

Сууга кое берүү – сабака катышпай качып кетүү.

Парашют – экзамен учурунда бири-бирине берилген шпаргалка.

Гиря – шпаргалканы мугалим кармап калып, аудиториядан кууп чыккан кез.

Пил же төө - сессияны дайым ийгиликсиз тапшырып артынан "куйрук" ээрчитип жүргөн студент.

Факер –ашыкча калчылдаган катаал мугалим. Студенттер факер мугалимдин сабагын калтырбаганга анын тапшырмасын жаттап барганга аракет кылышат. Анткени, сессияда мындан мугалим акча алмагы тозок.

Студенттин күндөлүгүнөн

12.11. 2013 жыл

Бүгүн биринчи парага бардым. Барсам кыздардын бири да жок. Уктап калышса керек, кечээ туулган күнгө барышмак. Расписаниени карасам экинчи пара мага жакпаган сабак экен. Убакытты өлтүрбөй курсакты тойгузуп алайын деп жатаканага келдим. Түндө калган тамактын калганын жеп, кырмычыкты кемирип отурам. Ашканага караганда өз үйүңөн эки чыны карандай чай ичкениң артык эмеспи. Ушундан улам оюн-чын аралаш чыгарган тамашалуу ырым бар.

Бир күн ток, бир күн ачка.

Проблема-дайым акча.

Турамын эртең менен,

Убакыт менде кенен.

Кудайга тез-тез сыйын,

Сессия ушунчалык кыйын.

Чөнтөктө нанга калбайт тыйын.

Экзамен болсо, кымбат,

Бирөөсү 500 сом турат.

Андан да староста жарымын урат.

18.11.20103 жыл

Апамдар айылдан салган 5000 сомду четинен кемирип отуруп 1200 сомун жок кылыптырмын. Бул акчаны да контрагымдын калганын төк деп беришкен болчу. Калганын кимден алып толуктап турсам экен. Иштеген ишиң жок болсо да карыздап акча алгандан да коркосуң. Мендей жарды студентке эч ким деле ишенип акча бербесе керек. Бүгүн Мээрим айылдан келсе сурап көрөйүнчү. Үйдөгүлөрү ашыкча акча берип калгысы бардыр.

22.11.2013 жыл

Таңды кыраан-каткы күлкү менен баштадык. Бөлмөдө чогуу жашаган Сезимди "розыгрыш" кылып сабагынан калтырдык. Эртең менен кетип баратып Айжан экөөбүз терезени тумчулап, караңгылап кеткенбиз. Уйкучу жаны таң ата элек деп жата бериптир. Уйкусу канып шашпай турса түшкү саат эки. Башында тултуңдап таарынганы менен аягында "силерге айла жок" деп кол шилтеп тим болду. Жатаарда бизге ишенбей телефонунан будильникти таңкы жетиге койгонун көрүп дагы бир ирет күлдүк.

28.12.2014 жыл

Бүгүн биздин бөлмөдө чакан отуруш. Айылдан Мээрим келди. Байкесинин тоюна кеткен. Кешиктен болушунча алып келиптир. Жарылгыча жедик. Сабактан келсек ысык чайын кайнатып отуруптур, сүйүнгөнүбүздү сураба. Тамакка эле эмес, курбумдун келгенине да сүйүндүм дечи. Бүгүн сабактан группалашым менен кагыша кеткем. Дептеримди алаарын алып берчү түрү жок. Жакшылык кылганымды билбейт тура деп маанайым түшүп турду эле. Мээримди көрүп, аркы-берки сөздөрдү сүйлөшүп көңүлүм ырас көтөрүлдү.

Нуриса, БГУнун экономика бөлүмүнүн 3-курсунун студенти.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...