Акыркы макалалар

Оштогу июнь коогасындагы түзүлгөн коомдордун чатагы ырбай баштады

Оштогу июнь коогасындагы түзүлгөн коомдордун чатагы ырбай баштады

18.12.2012

Ошто июнь коогасынан жабыркагандардын бир канча коомдору “Ош шейиттери биримдиги” коомунун төрайымы Тургунайым Айтиеванын ишмердүүлүгүнө нааразы экендиктерин айтып чыгышты.

“Өчпөс от” коомдук бирикмесинин төрагасы Төрөбек Аматовдун айтымында, Т.Айтиева бир канча мыйзамсыз иштерди аткарып жүргөнүн, тактап айтканда алардын фондуна түшкөн 95 миң сомду жеп койгонун айтты.

“Анын үстүнөн бул боюнча кылмыш иши козголгон. Эгер мыйзам ченеминде жоопкерчиликке тартпаса, биз өзүбүзчө жазалайбыз”,-дейт Т.Аматов.

Ош шаарында өткөн маалымат жыйынга Жалал-Абад шаарындагы “Ата-Журтун коргогон батырлар” коомунун жетекчиси Марсиана Мамаева да келип, ошол кездеги премьер-министр А.Атамбаев коогалаңда жакындары курман болгондорго 20 миң доллар бергенин, бирок аны Т.Айтиева өзү алып койгонун айтты.

Ал эми Оштогу дайынсыздар коомунун мүчөсү Дилбар Көчкөнова болсо, ал эжеден келтек жегенин билдирди.

“5 аял менен келип, мени уруп кетишкен. Жолдошум карап турган, ал аялдарга аралаша албай койгон”,-дейт Д.Көчкөнова.

Маалымат жыйындын катышуучулары “Ош шейиттери биримдиги” коомунун төрайымы Тургунайым Айтиеванын ишмердүүлүгүн текшерип, мыйзам ченинде жоопкерчиликке тартылышын, бийлик өкүлдөрүнөн талап кылыша турганын билдиришти.

Бул маселе боюнча Т.Айтиеванын өзү менен байланышып, пикирин угууга тилекке каршы мүмкүнчүлүк болгон жок.

Фото: Асанбек Каракозуев

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...