Акыркы макалалар

"ZAMAN Кыргызстан". Тынар Курбаналиев: “Манас атабыз да душмандарын жалгыз өзү жеңген”

"ZAMAN Кыргызстан". Тынар Курбаналиев: “Манас атабыз да душмандарын жалгыз өзү жеңген”

Ушул жылы 21-22-декабрда белгилүү куудулдар Борончу Кудайбергенов жана Тынар Курбаналиев казак-кыргыз тамаша таймашын өткөрөт. Бул туурасында сатирачы Тынар Курбаналиев аталган таймаштын максаты жана сатиранын сырлары туурасында кеңири баяндап берди.

Казактар менен таймашабыз

Таймашты уюштуруунун негизги максаты, маданиятта, саясатта кыргыз эли жана казак элинин ортосундагы достук мамилени жана ынтымактуулукту дагы бир жолу бекемдөө. Ошондуктан кыргыз-казак таймашы болмокчу. Анда кыргыз сатиралары менен гана чектелбестен казак юморлору менен да көрүүчүлөрдү тааныштырып, күлкү тартуулайлы дедик. Долбоору кичинекей болгону менен максаты, идеясы, тилеги аябай чоң жана жакшылыктан кабар берет. Бул концертти өткөрүүнүн дагы бир себеби, буга чейин куудул Рахман Разыков агайыбыз ар түркүн күлкү фестивалдарын уюштуруп келген. Эми Рахман байкебиздин жашы бир аз өткөнгө байланыштуубу айтор, ал бул иштерден оолактай баштады. Ошондон улам фестивалдарыбыз токтоп калды. Мындай кечелердин уюшулбай калганына мына төрт жылдай болуптур. Ошон үчүн ушул нерсени жерде калтырбай, Кудай Таала куудулдук өнөрдү бергенден кийин, аны аркалап жүргөн соң биз дагы Рахман агайдын шакирти катары андан үйрөнгөндөрүбүздү элге тартуулайлы деп концертти уюштуруп жатабыз. Ал эми бул концерт таймаштын башталышы гана, муну менен гана чектелип калбайт, мындан кийин жыл сайын жайкы сезондо кереметтүү Ысык-Көл жергесинде да күлкү фестивалдарын өткөрөбүз. Ага Казакстан, Орусия жана Өзбекстандын куудулдары чакырылат. Таймаш эки-үч күнгө созулмакчы. Бул жайында болчу фестиваль, ал эми ага чейин мына ушундай майда таймаштарды уюштура берели деп чечтик.

Манас атабыз да душмандарын жалгыз өзү жеңген

Кыргыз-казак тамаша таймашына азырынча бизден бир гана мен жана Борончу Кудайбергенов катышат. Бир кезде Манас атабыз өзү жалгыз эле найзасы менен жоону жеңген. Биз анчалык баатыр болбосок да, колдон келген аракетибизди жасап, таймашка аттанабыз. Ал эми Казакстандан тогуз куудул келишет. Бардык даярдыктар менен концертке даярданып жатабыз. Казак туугандар үч сатира менен катышат. Биз бул жактан 3 сатира даярдап койдук. Алар өзүнчө дагы юморлорду аткарышат. Ошондой эле таймаш куудулдардын сатиралары менен гана чектелбейт, Казакстанга жана Кыргызстанга эмгеги сиңген, таланттуу ырчы Роза Аманованы “ырдап бериңиз” деп чакырдык эле, ал макулдугун берди. Обондуу ырларды ийине жеткире аткарган ырчы Токтобек Асаналиев да келет. Аккордеондо үн созгон, ырчы Рыспай Абдыкадыровдун ырларын мыкты аткарып элдин купулуна толгон Таалай деген жигит аккордеону менен ырдайт.

Ал эми кыргыз-казак тамаша таймашы ушул жылдын 21-22-декабрында Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында болот. Залда 600 гана орун бар экен, ошол себептен билеттер чектелүү. Билеттин баасы 500 сом. Билеттин дагы бир өзгөчөлүгү Спорт сарайында же башка жакта концерт койсоң, сырттан эле үстүнө акча кошуп сата беришет эмеспи, бул жерде андай болбойт.

КВН менен куудулдардын айырмасы

КВН деген бул команда, анда төрт- беш сөз менен гана элди күлдүрөт. А биздин куудулдардын сатирасы ал аркылуу болгон окуяны күлкүлүү сындоо менен жеткирүү болуп саналат. Ошон үчүн көрүүчүлөрүбүздүн жаш курагы 30 жаштан жогоркулар болгондуктан, өзүбүз да ушундай курактагыларга ылайыктап ырчыларды чакырып жатабыз.

Сатиранын сырлары

Элди өзүнө тартуу, элдин купулуна толуу, бул ар бир куудулдун өзүнүн талантына, аткаруу чеберчилигине жараша болот. Ар бир кесип ардактуу. Жеке мен өзүм куудулдардын кесибин өтө түйшүктүү деп ойлойм. Мисалы, ырчылар ыр жаздырат да сахнага чыгып, ырдап, жүгүнүп кетип калат. Алардыкы салыштырмалуу оңой. Залда олтурган элди музыкасы жок, кара сөз менен сатираларды айтып берип күлдүрүшүбүз керек. Жөн гана сахнага чыгып, сатира айтып кайра кетип калбастан, маани-мазмуну бар аны менен катар элди күлдүрө турган юмор менен чыгышыбыз шарт. Сахнанын өзүнүн сүрү, күчү бар. Чыгаарда жазган сатираңды элге жеткириш үчүн аялдар бала төрөгөндөй эле кыйналабыз. Негизи эле сатиранын айта турган ою болушу керек. Бирок кээде андай болбой калат. Себеби, концерттерге сатирачылар чакырылат дагы, аларга 4 мүнөттөн ашырбоого чек коюшат. Бул туура эмес. Сатира эч качан убакыт менен чектелбейт. Куудул сахнага чыккандан тарта өзүнүн оюн айтып бүтмөйүнчө болбойт, жарымын бүтүрүп коюп кетип калса, сатира түшүнүксүз болуп калат. Эл да түшүнбөй бара-бара сатиранын баркы кете баштайт.

Сын-пикирлерге таарынбайм

Куудулдар бири-бирибизди сахна артында, кандай ойноп жатканын карап турчубуз. Анан аткарганына жараша кемчиликтерин айтып, оңдоп турчубуз. Сынды эң туура кабыл алышыбыз керек. Менин көрөрмандарым кандай сын-пикир айтса, мен туура кабыл алам. Бир адамга жакканым менен экинчисине жакпай калам. Беш адам кол чапса, он адам жийиркениши мүмкүн. Жүз адам мактаса, элүүсү жамандашы мүмкүн.

Сатира табуу оңой

Сатираларды мурда биз айтып жатканда кыйналчубуз. Элди күлдүрө турган мазмундуу юмор таппай азап тартчубуз. Ал эми азыр андай эмес тез табабыз. Анткени саясатчылардын өздөрү эле сатира. Жайдын күнү көп гастролго чыгабыз. Себеби, ал кезде бүт саясатчылар эс алганга кетип калышат да, алардын күлкүлүү окуяларын эл көрө албай калышат. Эс алуудан келгенден кийин алардын шоулары да башталат. Саясатчы Адахан Мадумаровун бир жакшы сөзү бар эле. “Саясатчылар, биз эмне болуп жатабыз, Рахман, Абдылда, Борончу жана Тынарга даяр сатира болуп жатабыз. Башка эч нерсе жасаган жокпуз” деген.

Тынардын тамашаларынан

Бир молдо элди топтоп алып, “бул дүйнө бизге сыноо үчүн берилген. Эркектер силерге баса белгилеп айтып койоюн, аялыңарды алдап, ала жипти аттап, тескери жакка баспагыла, оо дүйнөгө барганда силерди ушундай сулуу үр кыздары күтүп турат”, десе, оо, четте олтурган бирөө, “эй брат, бул жак эркекчеби, силерге ишенип көп нерседен калып кетпейли” деген экен.

Кечээ Борончу экөөбүз олтуруп, сатираны окуп жатып күлдүк. Биз жанагы көзү ачыктар тууралуу, Борончу экөөбүз сүйлөштүк, негизи көзү ачыктардан эле министрлик орунга коюш керек экен деп. Жакшы экен да, булар алдын ала билет да мисалы, кечээ жакында болуп өткөн окуяларда бирөө барып айтмак да, Алмазбек Атамбаевге, “муногу дарбазанын темирлерин өйдөрөөк кылалы, элдер кирип кетет жакындап келгенде” деп айтмак. Дагы бир бирөөдөн “зима будет или не будет” деп сурап, ошого жараша көмүр, отун даярдап алмакпыз.

21-22-декабрга карата жүргөн ушактар

Исламда негизи мусулман пендесинде Кудайга гана ишенүү керек. Алдын ала эмне болоорун бир гана жараткан билет. Андан башка билгенге эч кимдин мүмкүнчүлүгү жок. А бизде андай болбой жатпайбы, 21-22-декабрда кыямат кайым болот экен деп чуулдап жатышат. Анан дагы айтылышын карабайсызбы, датасы коюлган. Кыямат кайым деген заматта болот. Айттырбай келет. Ал концерт эмес да 21-22си дегендей. Бул мусулманчылыктан көпчүлүк адамдардын алыстыгынан кабар берет.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...