Акыркы макалалар

Орусия тарап торпедалык «Дастан» заводун беш жылдык тапшырык менен камсыздоого даяр - Быков

Орусия торпедалык «Дастан» заводун беш жылдык тапшырык менен камсыздоого даяр. Бул тууралуу «Восток гидромаштын» башкы директору Вячеслав Быков, ОФ аскердик-өнөр жай өкүлдөрү менен «Дастан» трансулуттук корпорациясына барганда билдирди.

«Дастан» заводу жакшы сакталган 10 мыкты заводдордун бири, бир гана заманбап жабдуу менен камсыздоо калды. Орусия «Дастан» чыгарган өндүрүмгө кызыктар. Биз заводу беш жылга тапшырык менен камсыздоого даярбыз. Бул тез чечиле турган процесс эмес, бирок кийинкиге калтырып да болбойт», - деди Вячеслав Быков.

Буга вице-премьер-министр Валерий Диль, чечимди тез арада кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

«Кыйынчылыктарга карабастан, ишкана чет жакта да сурамга ээ болгон жаңы өндүрүм чыгарууну алып кетүүнүн аракетин көрүүдө. «Дастан» заводунун келечеги Орусиянын тапшырыктарына жараша», - деди В. Диль.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...