Акыркы макалалар

Талас облусунун тышкы экономикалык байланышы 1 млрд 393 млн 69 миң сомдон ашты

Талас облусунун тышкы экономикалык байланышы өткөн 8 айдын ичинде 1 млрд 393 млн 69 миң сомдон ашты. Анын ичинен тышкы экспорттук жүгүртүүлөр 1 млрд 240 млн 255 миң сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экспорттун көлөмү 298,5 млн сомго өстү. Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Жаныбек Тургунбековдун маалыматы боюнча Таластан негизинен жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө буурчак продуктулары, жашылча жемиштер, картошка жана мал чарба азыктары экпорттолууда.

Мисалга, Түркияга 171, 2 млн долларга, Болгарияга 1,4 млн долларга, Македонияга 0,5 млн долларга, Сербияга 1,4 млн долларга, Казакстанга 1,9 млн долларга төө бурчак жана башка айыл чарба продукциялары экспорттолгон.

Ошол эле учурда Талас облусу сырттан химия өнөр жайынын, күйүүчү жана майлоочу майды, дан азыктарын жана айыл чарба техникаларын импорттоп келүүдө.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...