Акыркы макалалар

21 жаштагы кыргызстандыктын ашказанынан жарым килограмм гашиш чыкты

Россиянын Иркутск аэропортунда Кыргызстандан бара жаткан наркокурьерди колго түшүрүштү. Бул тууралуу кечээ, 25-ноябрда Иркутск областынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө федералдык кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

21 жаштагы кыргызстандык баңгизат ташуучунун ашказанынан 500 грамм гашиш табылган. Кармалган жигиттин айтымында, баңгизатын ташыш үчүн аны Иркутскинин өзүнөн көндүрүшкөн, ал бул жерге өткөн жылдын сентябрь айында келген. Мындай жумушту ага сунуш кылган тааныш жигит Бишкекке барып гашиши бар капсулаларды жутуп жана Иркутскиге алып келип берсе чоң акча төлөп берүүнү убада кылган.

"Кийинкисин ойлобой жана эч кандай кыйынчылыксыз, коркпой туруп жаш жигит скотч менен оролгон 79 даана пресстелген гашити жеп алган",-деп белгилейт басма сөз кызматы.

Кармалган баңгизат ташуучуга карата кылмыш иши козголду.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...