Акыркы макалалар

Прокурорлордун пенсиясын көтөрүү демилгеси колдоо тапкан жок

Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралды.

Демилгечилердин бири депутат Курмантай Абдиевдин айтымында, прокуратура кызматкерлеринин пенсиясын иш стажына жараша көбөйтүү сунушталууда. Ал үчүн «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» жана «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.

«Мыйзам долбооруна ылайык, 15-20 жылдык стажы бар адамдардын пенсиясы 0,5 эсеге, 20-25 жылдык стажы барлардыкы 0,75 эсеге, 25 жылдан ашык стажы барлардыкы бир эсеге өсөт. Ал үчүн бюджеттен 5,6 млн сом өлчөмүндө кошумча каражат каралууга тийиш», - дейт ал.

Талкуу жүрүшүндө кошумча каржы булактарынын жоктугунан улам, Каржы министрлиги мыйзам долбооруна каршы болуп жатканы белгилүү болду. Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошевдин пикиринде, кеп 5 млн сомдо эмес, кептин баары анын социалдык жагында болуп жатат. «Кыргызстан социалдык өлкө болгондуктан, адегенде ошол тармакта иштеген адамдардын пенсиясын жогорулатуу керек. Прокурорлордун пенсиясы ансыз деле орточо пенсиядан жогору», - дейт ал.

Ал эми депутат Бактыбек Калмаматов прокурорлордун пенсиясын көбөйтүүдөн мурда, мугалимдер менен дарыгерлердин пенсиясын көтөрүү зарыл экенин баса белгиледи. «Азыр прокуратура кызматкерлеринин пенсиясын көбөйтүп койсок, эл бизди таптакыр түшүнбөйт», - деп кошумчалады депутат.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору колдоо тапкан жок. Комитет бул маселени парламент өзү чечсин деген чечимге келди.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...