Акыркы макалалар

Өкмөттүн төртүнчү айы энергия каатчылыгы менен башталды

Өкмөттүн төртүнчү айы энергия каатчылыгы менен башталды

АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөттүн иштегенине үч айдын жүзү болду. Өкмөт башчысы бул аралыктагы ишин жыйынтыктап жетишкендик катары саясий туруктуулук менен паспорт кризисин алдын алганын белгиледи. Ал эми кыштын катаал келиши министрлер кабинетинин тынчын алды.

Ж.Сатыбалдиев туура үч ай мурда, тактап айтканда 5-сентябрь күнү Жогорку Кеңеш тарабынан 111 добуш менен өкмөт башчы болуп шайланган. Ал эл өкүлдөрүнүн алдында эң негизги милдети катары кышка даярдыкты ийгиликтүү жүргүзүү менен казына тартыштыгын жеңилдетүү маселесин атаган.

Ж.Сатыбалдиев журналисттер алдында ишинин жыйынтыгын айтып жатып өкмөттүн жетишкендиктери катары коомдук саясий абалдын турукташуусу, түшүмдүн өз убагында жыйналышы, паспорт кризисинин алдына алынгандыгын жетишкендик катары баалады. “Эң башкы артыкчылык берилген максат - саясий туруктуулукту камсыздоо. Ансыз бир дагы инвестор бизге келбейт. Ал эмес өзүбүздүн ишкерлер башка өлкөлөргө акчасын салып жатышат. Биз мындай шартты камсыз кыла алдык деп ойлоймун”, - деди Сатыбалдиев. Ал өз сөзүндө күтүлүп жаткан айрым тармактагы өсүштөр ишке ашпай калышы мүмкүн экенине токтолуп, бирок, өкмөт эл алдындагы социалдык милдеттерин толук аткарарын белгиледи. “Өлкөдөгү оор экономикалык кырдаалды аз болсо да төмөндөттүк. Бирок, биз күтүп жаткан өсүштүн болбой калуу коркунучу бар. Бирок, пенсия, жөлөк пул, айлык маяналар толук берилет”, - деди ал.

Ал эми терс тенденциялар катары дүйнөлүк экономиканын туруксуздугун, азык-түлүктүн кымбатташын, чет элдик инвесторлордун күтүлгөндөй келбегенин жана өндүрүштүн төмөндөшүн белгиледи.

Белгилүү экономист Жумакадыр Акенеев 3 айдын ичинде чоң жетишкендиктерге жетүү кыйын экенин белгилейт. Ошентсе да, Ж.Сатыбалдиев жетектеген министрлер кабинети кышка жакшы эле даярдыкты көргөн. “Үч айда укмуштай жетишкенге жетишти деп айтуу кыйын. Бирок бул аралыкта Сатыбалдиевдин өкмөтү чапкылап жүрүп, кышкыга даярдыкты оңоду десек болот. Эми азыр газ, свет өчүп жаткан менен көмүр, мазут көбүрөөк камдадык деп жылуулук борборлор маалымат берип жатпайбы”, - дейт ал.

Бюджетти секвестирлөө (кыскартууда)

Буга чейин эле өлкө бюджетинде тартыштык жогору экени маалым болгон. Бирок, өкмөт мамлекет казынасын сактап калуу үчүн айрым пландалган иштерге акча бөлүүнү жокко чыгарды. Өлкө бюджетин секвестирлөө максатында мамлекеттик чыгымдарды 3,4 млрд. сомго кыскартты. Министрлер кабинетинин мындай чечимин кээ бир депутаттар мыйзамсыз экенин да айтып чыккан. Ж.Сатыбалдиев бюджетти кыскартууда капиталдык салымдар, инвестициялык программалар, аткаминерлердин ашыкча чыгымдары сыяктуу тармактарды каржылоону кескин азайтканын белгиледи. “Биз бюджеттик чыгымдарды кыскартпасак болбойт эле. Андыктан ушундай кадамга барууга аргасыз болдук. Бирок, казынанын чыгымдарын кыскартуу элдин жашоосуна терс таасирин тийгизбейт. Ошондуктан капиталдык чыгымдарды, инвестициялык программаларды, ошондой эле ар кандай чыгымдарды, буларга аткаминерлердин командировкалары, ашыкча мааракелер сыяктуулар кирет,” – деди Ж.Сатыбалдиев.

Макроэкономикалык көрсөткүчтөр

Өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө кайрылсак, 2012-жылдын 11 айында ички дүң өнүмдүн көлөмү болжол менен 262,3 млрд. сомду, реалдуу төмөндөшү 3,4 пайызды түзгөн. “Кумтөр” кенин кошпогондо Ички дүң өнүмдүн реалдуу өсүшү 3,6 пайызга жетип өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 6,0 пайыз болгон.

Ошентсе да тоо кендерин өндүрүү, текстиль, тикмечилик өндүрүштөрүнүн, электр энергиясынын, газдын жана суунун эсебинен өнөр жайында өсүш 107, пайызга, инвестиция арбындыгынан курулушта 115 пайызга жеткен, соода көлөмү өскөн. Жогоруда белгиленгендей, ушу жылдын 9 айында эле Кыргызстан тышка 125 млн. долларга тигилген продукция жөнөткөн. Буга чейин токтоп турган «ИнтерГласс» заводу, токтоп калган “Кыргыз нооту комбинаты”, “Жылдыз Анкара”, “Мир окон”, “Кара-Балта килеми” сыяктуу ишканалар кайрадан иштеп баштады. Жер-жерлерде кыш чыгаруучу заводдор, Бишкекте 300 орундуу тигүүчү фабрика ишке киргизилди. Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү «Чайна петроль» заводунун курулушу жана Таш-Көмүрдөгү ферроэритмеси боюнча заводдун долбоорун ишке ашыруу тездетилүүдө.

Энергетика каатчылыгы элдин тынчын алды

Өкмөт кышка даярдыкты ийгиликтүү аяктадык дегени менен кыштын алгачкы айында эле жарык менен газ маселесинде чоң кризис башталды. Учурда Бишкек шаары баш болгон өлкөнүн түндүк аймагында газ жетишпей, ал өз кезегинде электр энергия тармагына оорчулукту алып келип, элге ток берүү да үзгүлтүккө учуроодо.

Шаршемби күнү өлкөдөгү мындай катаал кырдаал парламентте талкууланды. Ага өкмөт башчы баш болгон тиешелүү жетекчилер катышты. Көпчүлүк эл өкүлдөрү газ менен жарыктын өчүрүлүшүн сынга алып, күнөөлүү жетекчилер жазаланышы керектигине токтолду. Айрым депутаттар мындан үч ай мурда учурдагы өкмөт башчы “кышка даярдыкты ийгиликтүү жүргүзүү менен министрлер кабинетинин жаңы структурасын сунуштаймын” деген убадасын эске салды. Ал эми премьер-министр Ж.Сатыбалдиев жылдын аягына чейин өкмөттүн жаңы структурасы парламентке сунушталарын айтты. Ошондой эле, эл өкүлдөрү газ тармагындагы кризисти эске алып “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин кызмат ордун карап көрүүнү премьер-министрге тапшырды.

Газ менен токтун өчүшүнө өкмөттүн күнөөсү бар

Кыштын катаал келиши Кыргызстанда чоң көйгөй жаратты деп жогоруда да айттык. Депутаттар тиешелүү жетекчилери канчалык тепкилебесин маселенин түбү тереңде экени белгилүү. Мисалы, өзүбүздүн Токтогул ГЭСинде өндүрүлгөн энергияны өлкөнүн түндүгүнө жеткирүү үчүн Казакстан, Өзбекстан мамлекеттерине көз карандыбыз. Борбор Азиянын энерго шакекчеси аталган бул система Кыргызстандын көз карандысыз энергия менен камсыз болушуна чоң тоскоол жаратып келет. Өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиев өлкөдө электр жарыгынын өчүп жатышына мына ушул система негизги себеп болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, энергиянын ашыкча пайдаланышы коңшу мамлекеттер аркылуу келген зымдарга күч келтирилип системалык авариялар себеп болот. Ал эми эл өкүлдөрүнүн “энергия каатчылыгына өкмөттүн күнөөсү барбы?” деген суроосуна премьер-министр “ооба” деп жооп берди. Ошондой эле, Сатыбалдиев Кыргызстан энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн эки жыл керектигин айтты. “Кыргызстан өзү өндүргөн энергияны элге өз кабелдери менен жеткиргенде гана ушундай кырдаал болбойт. Ал үчүн “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы көмөкчордонду ишке киргизиш керек. Бул долбоор 2015-жылы ишке киргизилиши күтүлүүдө”, - деди ал.

Каалоо болсо тил үйрөнүү кеп эмес

АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева кыргыз тилинин статусун жогорулатуу максатында мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизип парламентке сунуштады. Анда мамлекеттик кызматтагылар мамлекеттик тилде сүйлөп, мамлекеттик тилде жаза алуусу милдеттендирилген.

Адаттагыдай эле бул мыйзам долбоору орус тилдүү кыргызстандыктардын түн уйкусун бузуп, катуу каршылыкка кабылды. Ал эмес айрым кыргыз бир туугандарыбыз да жактырбай, сын көз менен карап жаткан чагы. Алардын бетине кармаганы эле кыргыз тили өнүксө башка улуттардын укугун тебелегендик болот имиш. “Өздөн чыккан жат жаман” деген макалды дал ушул улутташтарыбызга айтсак куп жарашчудай. Кыргыз тилине каршы чыккан адамдарды кыргыз элине душман деп коркпой айтса болот. Тил жок улутту жок кылып жиберүү кеп эмес экенин буга чейинки тарых тастыктап келет. Кыргыз улуту жок болот деген коркунуч деле жок дечи. Бирок, кыргыз тилинин коомдогу орду күн санап түшүп жатканы жашыруун эмес.

Парламенттеги айрым орус тилдүү депутаттар кыргыз тили маселеси көтөрүлсө эле “кыргыз тилиндеги адабияттар жок, биринчи шарт түзүп бергиле” деп ийин куушурат. Булардын пикирин өлкө жетекчилери да бетине карманып алган. Мурда күнү бир катар интеллигенция өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп тил боюнча өз ойлорун ортого салды. Ал жыйында кайсыл бир окумуштуу маселенин ток этерин айтып салды. “Биз айылдан келип орус тилинде саламдашууну билбей окууга тапшырганбыз. Сабактар жалаң орусча. Бизге шарт түзүп бергиле деп эч кимге кайрылбай эле беш айда орусча сүйлөп кеттик”, - деди. Чындыгында Кыргызстанда кыргыз тилин үйрөнүүгө шарт жок деген сөз жөн эле шылтоо же мамлекеттик тилге каалоонун жоктугу экенин көрсөтүп турат. Калктын 80 пайызы кыргыз болсо, маалымат каражаттарынын көпчүлүгү мамлекеттик тилде жаңырса, элдердин көпчүлүгү ушул тилде пикир алышкан коомдо кыргыз тилин үйрөнүү оңой эмес дегендин өзү туура эмес.

19-декабрда депутат Урмат Аманбаева билдирүү жасап, анда кыргыз тили боюнча мыйзам бир топ тоскоолдуктарга кабылып жатканын айтып чыкты. Анын айтымында, тилдин өнүкпөй жатышына “улутсуз идеология” жүргүзгөн жетекчилер күнөөлүү жана алар тарбиялаган адамдар бүгүнкү күндө кыргыз тилине каршы чыгып жатат. “Элибиздин башында туруп, «улутсуздук идеологиясын» жүргүзгөн жетекчилер күнөөлүү экени өзүнөн-өзү түшүнүктүү болот. Азыр да кыргыз тилин өнүктүрүүгө дал ошол жетекчилер жана алар тарбиялап өстүргөн “киргиздер” тоскоол болууда. Интеллигенция, тилибиздин жок болуп баратканын көрүп туруп анын тагдырына кайдыгер мамиле жасоодо,” - дейт депутат айым.

Кыргыз тили боюнча мыйзам талкууланып жатканда өткөн жылдагы бир окуя эске түшөт. Анда өлкөдөгү орусча жер- сууларынын аталышын кыргызчалай коёбуз деп ур-тепкиге кабылганбыз. Кыргызстандагы башка улуттардын басымы күчтүү экени ошондо билинген. Ошентип кылымдар бою ата-бабаларыбыз атап келген жер-суулардын өз аттарын кайтара албай калганбыз. Бул жолу да ошондогу кейпибизди кийип калбасак экен.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...