Акыркы макалалар

Ж.Акенеев: «ББ чек ара аймактарын тактоого жардам берет»

Ж.Акенеев: «ББ чек ара аймактарын тактоого жардам берет»

“Кыргызстан өз чек араларын коргой алабы?” деген аталыштагы тегерек стол болуп, анда чек аранын учурдагы абалы, андагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору сунушталды.

Бишкекте 26-ноябрь күнү “Кыргызстан өз чек араларын коргой алабы?” деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү. Ага мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары Искендер Мамбеталиев, чек араларды делимитация, деморкациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров баштаган Коргоо кеңешинин, УКМК, баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

Чек ара кызматынын атынан Искендер Мамбеталиев, Кыргызстан өз мамлекеттик чек араларын коргой аларын, бирок дагы кошумча күчтөр, техникалык каражаттарга жана каржылоого муктаж экенин билдирди. Анын айтымында, учурда мамлекеттик чек арада аныкталган аймактарда абал тынч. Көпчүлүк учурда ызы-чуунун себептери такталбаган аймактар, суу жана жер пайдалануудагы келишпестиктер болууда. Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан бул багытта иштер жүргүзүлүүдө.

Серепчи Жумакадыр Акенеевдин айтымында, Бажы биримдигине кирсек, чек ара аймактарын тактоого жардам болот.

“ББга кирүү алдында турабыз. Киргенден кийин эки жылдын ичинде тышкы чек ара маселеси чечилиш керек. Орусия Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнө 1 млрд доллар бөлсө, анын 200 миллиону кайтарымсыз экономика жана башкага болсо, мунун ичинен чек араларын бекемдөөгө 55 млн доллар беребиз деп турушат. Мындай сумма чек арага эгемендүү Кыргызстандын тарыхында бериле элек экен. Буга чейин Орусия, Казакстан, Белоруссия бул маселеге кийлигише албай келсе, эми салмагы, биримдиги менен өз таасирин тийгизе алат»,-деди ал.

Чек араларды делимитация жана деморкациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров, жакында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясы Орусияга атайын документтер үчүн жөнөй турганын айтты.

"Жакында Өкмөттүн делегациясы Орусияга жөнөйт. Буга чейин эки жолу барып, тарыхый документтерди көргөнбүз. Эми аскердик документтерди да көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Тажик тарап да ал жактагы документтер менен таанышып чыккан. Бул багытта бир топ аракеттер көрүлүп жатат. Тилекке каршы, биздин коңшу мамлекеттер өз пикиринде бекем турушат. Учурда укуктук маселелер талкууланып жатат. Анткени эгер өз убагында укуктук маселелер чечилген болсо, бүгүнкү күндөгүдөй кырдаал болмок эмес",- деди Искандаров.

Чек ара иштери боюнча эксперт Самат Аламанов, Орусияга документ издеп баргандан жана улам жолугушуу уюштургандан пайда жок. Маселени бир гана компромистик жол менен чечүүгө болорун билдирди.

«Орусиядагы документтерине буга чейин деле барып келишкен. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Маселени бир гана компромистик жол менен чечүүгө болот. Тагыраагы такталбаган аймактар боюнча эки тарап өз сунуштарын бир нече вариантта алып келиши керек. Анан ортодон эки жакка ылайыктуу бир келишимге келип, чек ара сызыгын сызыш керек. Эч ким өз жерин бергиси келбейт. Баардыгы патриот. Бирок, патриот деген чек араны тактап, айрым жер бөлүгүн берип болсо да, өз мекениндеги аймакты так белгилеши абзел»,-дейт Аламанов.

КРнын Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча кызматынын башчысы Тимур Исаков, чек ара кызматы мамлекеттик чек араларды бекемдөөгө аракет жасаса да, баңгизаттар өлкөнүн аймагына өткөрүлө берет. Ошондуктан өлкөдө, калк арасында баңгизатка каршы мамилени күчөтүү керек. Бул багытта жаштарга өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.

Кошумчалай кетсек, катышуучулар президент Алмазбек Атамбаевдин "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" КРнын Мыйзамына каршы пикирин жөнөткөнүн эң жакшы чечим деп баалашты. Алар чек араны атайын уставдын негизинде аскерлер коргоорун, элге курал берилсе, дагы көйгөйлөр артарын белгилешти.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, жыл башынан бери 40 чыр-чатак катталып, анын 32си кыргыз-тажик, экөө кыргыз-казак, бирөө кыргыз-кытай жана бешөө кыргыз-өзбек чек арасында болгон. Чатактарынын негизги себептери тактала элек жер тилкелерин талашуу, ошондой эле тартыш болгон суу маселеси турат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...