Акыркы макалалар

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна уруксат берилди

Бул тууралуу “Азаттыкка” Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин башчысы Турдубек Мамбетов билдирди. Анын айтымында, курулуш токтоп калса, өлкө экономикасы зыян тартары эске алынып, ушундай чечим кабыл алынды. Ошондой эле ишкерлердин арыздары да буга себеп болгон.

- Азыр баарын текшерип жатабыз, мындай ары эч ким мыйзамсыз курулуш баштабайт. Бирок азыр курулушту токтотуп койсок экономикага зыян.

Ушул айдын башында курулуш учурунда архитектуралык нормалар бузулганын аныктаган Башкы прокуратура курулуштарды мыйзамдаштырууну талап кылган. Мындан улам көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна убактылуу тыюу салынган.

Бишкекте 223 көп кабаттуу үй курулуп жатса, анын 100дөн ашыгы эрежеге жооп бербейт.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...