Акыркы макалалар

Бильярдчы Ызатбек Ратбеков дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты

Кыргызстандык бильярчы Ызатбек Ратбеков Ханты-Мансийскиде (Россия) өтүп жаткан бильярддын эркин пирамида боюнча дүйнө чемпионатында чейрек финалга чыкты.

Бильярд сүйүүчүлөр лигасынан кабарлашкандай, 1/16 финалдык баскычында Ратбеков казакстандык бильярдчы Максим Пан менен беттешти.

Бул оюнда кыргызстандык өзүнүн атаандашын 6:4 эсеби менен жеңип чыкты.

Андан кийинки 1/8 финалда Ратбеков россиялык Сергей Горыславцты 6:5 эсебинде утуп чыкты. Эми чейрек финалда ал Олег Еркулов менен беттешмекчи.

Ушул эле оюнда кыргызстандык дагы бир бильярдчы Улукман Карагулов Игорь Фомкинден 6:4 эсебинде утулуп, оюндан чыкты.

Белгилей кетсек, чемпионтка 64 бильярдчы катышып жатат, анын ичинен сегизи - кыргызстандыктар.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...