Акыркы макалалар

Эки футболчу Кыргызстандын курама командасында ойноодон баш тартышты

Эки футболчу Кыргызстандын улуттук курама командасынын чакырыгын четке кагышты. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы маалымдайт.

Аталган кабарга таянсак, эки футболчу: Каюмжан Шарипов жана Анатолий Власичев курама командада ойноодон баш тартышкан.

Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов билдиргендей, алардын мындай ишинин себептери азырынча аныктала элек. "Адегенде алардын бул кылгандары тууралуу иликтөө жүргүзөбүз жана андан кийин санкциялар кабыл алынат",-дейт Султанов.

Азыркы учурда улуттук курама команда Таиландда окуу-машыгуу оюнунда жүрөт. Андан соң команда 13-17-декабрда Кытайдын курама командасы менен жолдоштук матч өткөрөт.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...