Акыркы макалалар

Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу автоунаа жолу ачык

Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу автоунаа жолу ачык

25.12.2012. Гүлзат Газиева

Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолу көчкүдөн тазаланып, толук ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кечээ күнү саат 16:00 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун (Тамчы чегинде) 75-чакырымында 500 м³ кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган. ЖЭМ-26 1 бульдозер тазалоо иштерин жүргүзүп, саат 23:00 чамасында жол толук ачылды. Токтоп турган 22 УАЗ жеңил унаа өз багытына кетти. Такталган маалымат боюнча, КамАЗ жүк унаасы кар көчкүнүн алдында калган эмес»,-деп маалымдалат билдирүүдө.

Фото: Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...