Акыркы макалалар

Ысык-Көл областында 4,5 баллдык жер титирөө болду

Ысык-Көл областында 4-декабрда жана 7-декабрда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөөлөр болуп өттү. Бул тууралуу КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Ведомство берген маалыматка таянсак, жер титирөөнүн очогу "Жети-Өгүз" курортунан 30 чакырым түштүк-чыгышта жана Каракол шаарынан 45 чакырым түштүк-чыгышта болуп өткөн. Жети-Өгүздө жер титирөө - 3,5 балл, Караколдо-3 баллдын тегерегинде сезилди.

Алдын ала маалыматтарга таянсак, курман болгондор жана жабыр тарткандар жок.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...