Акыркы макалалар

Камбар-Ата 2-ГЭСинин экинчи агрегатына акча декабрь айында берилиши мүмкүн

Кыргызстан Камбар-Ата 2-ГЭСинин экинчи агрегатын сатып алыш үчүн Кризиске каршы фонддон каражат күтүп жатат. Бул тууралуу "ВБ"га Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев билдирди.

"80 миллион доллар көлөмүндөгү каражат ушул жылдын декабрь айында КРдин эсебине түшүүсү керек",-дейт чиновник.

Эскерте кетсек, аталган каражатты Кыргызстан октябрь айында эле алуусу күтүлүп жаткан. Калиев кандай себептерден улам маселени чечүү узарып кеткенин тактаган жок.

Эскерте кетсек, учурда Камбар-Ата 2-ГЭСи экинчи агрегаты жок толук кубаттуулукта иштей албайт. "Электр станциялары" ачык акционердик коому маалымдагандай, жабдууну орнотуш үчүн 100 млн доллар талап кылынат. Анын 80 миллиону Кризиске каршы фонддон бөлүнсө, калган сумманы өкмөт өзү издеп табышы керек.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...