Акыркы макалалар

Жол-кайгуул кызматы Мамлекеттик автоинспекция болуп түзүлөт

8-декабрда, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын иши боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйынга ички иштер министринин орун басары Рыскулбек Жапаркулов жана ЖКК начальниги Сергей Дьяченко катышты.

Жыйынды ачууда вице-премьер-министр белгилегендей, кыш мезгили башталгандан тарта жарандардан ЖКК постторунун жана негизсиз текшерүүлөрдүн саны көбөйгөндүгү тууралуу арыздар түшө баштаган.

“Тийиштүү чараларды кабыл алуу жана ЖКК тутумун тартипке келтирүү зарыл. Пара алуу жана аны опузалап өндүрүүсү ачыкталган кызматкерлер милиция катарынан бошотулушу керек”-деп белгиледи А.Маматалиев.

Өз кезегинде ИИМ ЖКК начальниги Сергей Дьяченко вице-премьер-министрге автотранспорттун кыймылын гана эмес, жалпысынан шаардагы мыйзамдуулук жана укук тартибинин сакталышын көзөмөлдөгөн мобилдик топтор түзүлгөндүгүн маалымдады.

«Жарандар мобилдик топ кызматкерлерин ЖКК кызматкерлери катары кабылдашы мүмкүн. Бирок мобилдик топтор, ириде кылмыштардын алдын алууга, изи сууй электе кылмыштарды ачууга жана өзгөчө кырдаал абалында ыкчам көмөк көрсөтүүгө багытталган»-деди С.Дьяченко.

Мындан тышкары, жыйын жүрүшүндө Өкмөт токтому талкууланды, ага ылайык, Жол-кайгуул кызматы Мамлекеттик автоинспекция болуп кайрадан түзүлөт, анын кызматкерлери милдеттүү түрдө жогорку юридикалык билимге, же тармактык жогорку техникалык билимге ээ болушу талап кылынат.

«ЖКК кызматкерлери тийиштүү жогорку билимге ээ болушу керек. Бул укук коргоо органдарына кызматка алууда милдеттүү шарттардын бири болуусу кажет. Тутумда кокустан келген адамдар болбошу керек»-деди вице-премьер-министр.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...