Акыркы макалалар

«Жаштар кубогу – 2012 мектеп лигасы» дебаттык турнири өткөрүлдү

Yuth of Osh коомдук бирикмеси тарабынан мектеп окуучулары арасында «Жаштар кубогу – 2012 мектеп лигасы» дебаттык турнири ушул айдын аяктарында Ош шаарында өткөрүлүп, жыйынтыкталды. Финалга Ош шаарынын У. Салиева мектеп интернатынын окуучулары менен Чүй облусунун ЧОШГдан келген мектеп окуучулары беттешип, жыйынтыгында У. Салиеванын «Кыргыздар» командасы жеңишке жетишти. Ал эми, «Мыкты спикер» номинациясын Чүйдөн келген «Шок» командасынын оюнчусу Өмүрбек кызы Нурайым илип кетти. Байгелүү орундарды камсыз кылган командалар дипломдор жана ар кандай белектер менен сыйланышты. Бул иш – чараны өткөрүп жаткан аталган коомдук бирикменин төрайымы Айжан Токтошева буларга токтолду. «Дебат – достуктун оюну. Бүгүнкү таймаш өз максатына жетти деп ойлойм. Анткени түрдүү региондордон келген мектеп окуучулары бири – бири менен таанышып - достошту жана тажрыйба алмашты. Мындан кийин да жергебизде дебатты өркүндөтүп, мындай турнирлерди өткөрүп турмакчыбыз» деп билдирди.

Азизилла уулу Иманбек

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...