Элдик жаңылыктар

«ОшМУнун идеалдуу түгөйү - 2015» сынагында Конфуций институтунун түгөйлөрү жеңишке жетишти

  • Автор: Зинагул Нуралиева
  • Аймак: Ош
  • Жарыяланган: 12.03.2015 @ 14:37
«ОшМУнун идеалдуу түгөйү - 2015»   сынагында  Конфуций институтунун түгөйлөрү жеңишке жетишти

Ош шаарындагы Ош улуттук драма театрында 8-март Аялдардын эл аралык майрамынын урматына тарбия департаменти, жаштар комитети жана маданий-эстетикалык борбору тарабынан уюштурулган “ОшМУнун идеалдуу түгөйү -2015” сынагы болуп өттү.

Сынакка университеттин факультеттеринен тандалып алынган он түгөй катышышып, өз таланттарын, интеллектуалдык деңгээлдерин, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүп беришти.

Сынак 5 турдан туруп, анда катышуучулар «Сүйүү жана тагдыр», «Эң мыкты серенада» , «Мен сени сүйөм … » , «Кырдаалдан чыгуучу суроолор”, «Үй тапшырмасы » деген шарттарда чыгармачылык дараметин тартуулашты.

Студент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу, таланттуу студенттердин жөндөм шыктарын өстүрүү, моралдык дем берүү, сүйүүнү, махабатты даңазалоону максат кылган сынактын жыйынтыгында Конфуций институтунун студенттери Акматбеков Санжарбек жана Жунусова Айзат «ОшМУнун идеалдуу түгөйү - 2015» номинациясын жеңип алышты.

«ОшМУнун интеллектуалдуу түгөйү-2015», «ОшМУнун таланттуу түгөйү-2015» сыяктуу номинациялар да ыйгарылды. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан дипломдор, баалуу белектер, ошондой эле ар бир катышуучуга Ысык-Көлгө жолдонмолор тапшырылды.

Аталган сынактын 1-туру буга чейин Ноокат районунун мектеп бүтүрүүчүлөрүнө да тартууланган.

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..