Элдик жаңылыктар

Ажаткана курулушу башталды

  • Автор: Анварбек Тухтаров
  • Аймак: Баткен
  • Жарыяланган: 13.03.2015 @ 15:59
Ажаткана курулушу башталды

Кошбулактын борбунда Эл эки жылдан бери күткөн ажаткана (туалет) куруу иштери башталды.

«Ажаткананын курулушунун көпкө созулуусу жер талаш болгонунан улам токтоп турган. Архитектура генералдык планга ылыйык санузел куруу үчүн бөлүп берген жер тилкесин Т. Юсупов аттуу жаран талашып, курулуш иштерин баштаганга мүмкүнчүлүк бербей «Чубактын кунундай»- созулуп келди. Акырында комиссиянын чечими менен маселе оң жакка чечилгенде жергиликтүү бюджетте каражат тартыш болуп калды. Эми бул маселени Б. Сапаркулов Донордук уюмдарга гранттык долбоор өткөрүп чечтик. Буйруса бүгүн иш кызуу башталды»- дейт Сүлүктү шаарынын I вице-мэри Бавабек Ергашевич Ташев.

«Долбоорго ылайык типтүү, септиги бетондолгон, заман талабына жооп берген ажаткана болот. Жалпы баасы 122 миң сом түзөт. Өзгөчөлүгү жумушсуз жарандар иштеши керек, 12 жаран убактылуу жумуш менен камыз болот»- дейт долбоордун автору, Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Сапаркулов.

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..