Элдик жаңылыктар

Маданиятт үйүнүн мыкты кызматкери

  • Автор: Баяман Тойчубай уулу
  • Аймак: Ош
  • Жарыяланган: 19.03.2015 @ 18:05
Маданиятт үйүнүн мыкты кызматкери

Жээнбай Садиров Эшимбекович 1956-жыл 5-мартта Ноокат районуна жарык дүйнөгө келген. 1963-жылы 1-класска кирип, 1973-жылы орто билимди аяктаган. Андан кийин өз билимин өркүндөтүш максатында 1975-жылы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына кирген ал жерде төрт жыл окуп 1979-жылы аяктаган.

1976-жылы ош областынын ноокат районуна караштуу Кенеш айылдык маданият уйунун жетекчиси болуп ишке кирген. Андан сырткары 1993-жылы Нышанов орто мектебинин музыка мугалими болуп төрт жыл иштеген. Азыркы учурда маданият үйүнүн мыкты директору болуп иштеп келүүдө.

Бул ишинен сырткары да окуучуларга музука сабагынан окуу курсун ачып окуучуларга кыргыздын улуттук аспаптары болгон комузду андан сырткары пианинаны, гитара, акардион жана башка аспаптарда окуучуларга билим берүүдө.

Жеенбай агай ачкан үйрөнүү курсунда учурла жыйырма окуучу билим алууда. Алар Шанкол айылынан төрт окуучу Арбын айылынан бир окуучу ал Куу-Майдан айылынан он беш окуучу билим алууда.Бул жыйырма окуучунун ичинен эки окуучу гитара менен эки окуучу акардион менен дагы төрт окуучу пианино менен калган он эки окуучу кыргыздын улуттук аспабы болгон комузду үйрөнүшүдө. Бул окуучулар ар бир үйрөнүп аткан музыкалык аспабы үчүн бир айына 200 сом төлөп окушат.

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..