Элдик жаңылыктар

Кошбулакта сүмөлөк кантип кайнатылат?

  • Автор: Анварбек Тухтаров
  • Аймак: Баткен
  • Жарыяланган: 19.03.2015 @ 18:06
Кошбулакта сүмөлөк кантип кайнатылат?

2010- жылы Кошбулак аймактык башкармалыгына Б. Э. Сапаркулов башчы болуп келгенден бери аймакта Нооруз майрамын утурлап Сүмөлөк кайнатуу салтка айланды. Мына ошол сүмөлөк кайнатуу жөнүндө «Сүмөлөк 2 казанга (100 л) кайнатылып, 20-март күнү бир бөлүгү көмөкчү мектебиндеги, аймактагы жетим балдарга, оорууканада дарыланып жаткан ооруу сыркоолорго калган бөлүгү Элге төрага, төрайымдары аркылуу бирдей бөлүнүп берилет. Сүмөлөктүн да чебери болсо жакшы болот. Бизге ар жылы Гапарова Зияда эже өндүрүп берет»- дейт Бакытбек Эркинович.

«Сүмөлөктү өндүрүүдө күздүк буудайдан 40% жаздык буудайдан 60% өлчөмдө алып, экөөнү эки башка өндүрс, жакшы болот. Күздүк буудай даамы жакшы болсун үчүн, жаздык буудай сапаты жакшы болсун үчүн деп кошулат. Өнгөндөн кийин экөөнү эт майдалагыч менен майдалап, аралаштырып, маңызын казанга салат. Андан кийин ун кошул. Ундун 80% жогорку сорт, 20% тегирмен уну болсо жакшы болот»- дейт сүмөлөктүн чебери Гапарова Зияда эже.

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..