Элдик жаңылыктар

ОшМУда “Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу” ресурстук борбору ишке кирди

  • Автор: Зинагул Нуралиева
  • Аймак: Ош
  • Жарыяланган: 14.04.2015 @ 10:29
ОшМУда “Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу” ресурстук борбору ишке кирди

Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент факультетинде “Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу” ресурстук борбору ачылды. Борбор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы университеттерди колдоого алат. “Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу” ресурстук борбору студенттердин, окутуучулардын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын коммерциялык эмес, бизнес жана мамлекеттик секторлорунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен лекциялар, конференциялар жана дискуссиялар үчүн платформа катары кызмат кылат.

Борбордун ачылышы 10-апрелде болуп, ага Билим берүү жана илим министрлигинен өкүлдөр,КР боюнча USAIDдин демократияны өнүктүрүү боюнча директору Эн Хоппер, Ист-Вест Менеджмент Институтунун, USAIDдин биргелешип башкаруу боюнча программасынын директору Марк Граб, КЭУБдун университеттер боюнча Консорциумунун Координатору, КУУнун "Эл аралык мамилелер" факультетинин деканы Ы. Бейбутова, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору А.Абдувалиев, БиМ факультетинин деканы А.Р. Асанов, Ош, Жалал-Абад жана Баткен обустарында окуу жайларынын ректорлору, окутуучулар, студенттер катышышты. Салтанаттын жүрүшүндө ОшМУ менен ЮСАИДдин биргелешкен кызматташытыгы жөнүндө сөз болду.

Борбордун ачылышынан кийин Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы окутуучуларга аталган окуу жайда эки күндүк өнүгүү семинар өткөрүлдү. Кошумчалай кетсек, алгач “Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу “ ресурстук борборунун Кыргыз улуттук университетинде 2013-жылдын декабрында ачылып, иштей баштаган. Ал эми Ош мамлекеттик университетинде экинчи жолу ачылып жатат.

Бул жерде сиз өз жаңылыгыңызды жарыялай аласыз..