Бардык аймактар

Аймактар » Кыргыз Республикасы

Аймак боюнча акыркы жарыялангандар

  • 12.06.2018 21:24 / "Азаттык": Аба ырайы: тоолорго кар жаайт

    14-15-июнда аба ырайы туруксуз болот. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этек...

  • 12.06.2018 21:23 / "Азаттык": Башкы прокуратура Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартты

    Башкы прокуратура “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартты. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова “Азаттыкка” кабарлады. Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай ...

  • 12.06.2018 12:10 / "Марал": Өкмөт бюджеттин чыгашасын 4 млрд сомго кыскартат

    Өкмөт үстүбүздөгү жылы бюджеттин чыгашасын 4 млрд сомго кыскартат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде отчет берип жатып билдир...

  • 12.06.2018 12:02 / "Кабар": 2000ге жакын студент социалдык кредиттердин алгачкы траншын ала алышат

    11 – июнда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет кезектеги жыйынында “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн экинчи окууда жактырды. Анда жогорку билим алууда социалдык кредиттердин берилиши ту...

  • 12.06.2018 10:40 / "Новые лица": Гулмира Шакирова: «Кыргызстандагы дарылык камсыздоо – мина талаасы»

    КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дарылык камсыздоо жана медициналык техника департаментинин (ДКМТД) жетекчиси Гүлмира Шакированы кесиптештери өтө принципиалдуу адам деп мүнөздөшөт. Окурмандарыбыз аны Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызмат...

  • 11.06.2018 23:02 / "Марал": Англис тилинин арты менен конок үйүн ачкан студент

    Туризм дүйнөдөгү эң кирешелүү тармактардын бири. Айрым өлкөлөрдө туризм тармагы Ички дүң өндүрүмдүн 90%ын түзөөрү белгилүү. Кыргызстанда бул көрсөткүч – 5,5%. Мамлекет туризм тармагын өнүктүрүү үчүн атайын программаларды кабыл алып, иштеп келет. Тури...

  • 11.06.2018 23:01 / "Марал": Мамлекеттик ипотеканын үстөк пайызы 6%га түшөт

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Мамлекеттик ипотекалык компания» ишканасынын иши тууралуу кеңешме өткөрдү. Жолугушууда «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасынын алкагында турак жай менен 3118 үй-бүлө камсыздалганын, 3,43 млрд сомдон ...

  • 11.06.2018 22:45 / "Кабар": Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды

    Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июнда улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эскерүү үчүн анын үй-музейине барып, жазуучунун жакындары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү б...

  • 11.06.2018 22:45 / "Кабар": 12-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

    12-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарын...

  • 11.06.2018 14:53 / "Марал": Кылмыштардын бирдиктүү реестрин түзүү боюнча жумушчу топ түзүлөт

    15-июнга чейин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү боюнча жумушчу топ түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Кылмыштардын электрондук китебин жана бирдиктүү реестрин киргизүүгө байланыштуу иш-чараларды өз ...

  • 11.06.2018 14:18 / "Кабар": Кыргызстандыктар 15-июнда эс алышат

    Келе жаткан жума 15-июнь дем алыш күн деп жарыяланды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты. “Үстүбүздөгү жылдын 15-июнунда Орозо айт белгилене тургандыгын бизге КМДБнан тастыкташты. Ага ба...

  • 10.06.2018 22:28 / "Азаттык": Бийиктикке умтулган менчик театрлар

    Фото: Көчө театрынын фестивалы. Бишкек. 2017-жыл. Кыргызстанда менчик театрлардын саны жыл сайын өсүп жатат. Театр ишмерлер бирикмеси учурда өлкө боюнча кырктан ашуун жеке менчик театр бар экенин айтты. Азыркы тапта бул чыгармачыл топтордун жарымына...

  • 10.06.2018 22:21 / "Кабар": Орозо айтты белгилөөнүн так күнү айтылды

    Быйыл Орозо айт 2018-жылдын 15-июнунда белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим Ташкентте өткөн дин аалымдарынын жыйынында кабыл алынган. «Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Аппарат жетекчиси ж...

  • 10.06.2018 14:41 / "Sputnik.KG": Боронов НАБУ жетекчилигине сакталган ак илбирстер үчүн ыраазы болду

    Миллер Кыргызстандын айлана-чөйрөнү коргоого багытталган мыйзамдарындагы жагымдуу тенденцияларды белгилеп кетти. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Германиянын жаратылышты коргоо бирикмесинин (НАБУ) аткаруучу директору Лейф Миллер менен жолугушуу...

  • 10.06.2018 14:39 / "Марал": Бүгүн белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматов каза болгон күн

    Бүгүн, белгилүү жазуучу мамлекеттик ишмер Чынгыз Айтматов каза болгон күн. Ал 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында дүйнө салган. Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган. 1946-жылы Жамб...

  • 09.06.2018 21:12 / "Марал": Баткенде мөмө-жемиштерден жасалган шербет сатыкка чыкты

    «Бир айыл-Бир продукт» долбоорунун алкагында Баткен шаарында мөмө-жемиштерден жасалган шербет сатыка чыкты. Бул тууралуу Баткен ЖИА Ассоциациясынын директору Шералы Касымалиев билдирди. Маалыматка ылайык, Баткен ЖИАнын башкаруу кеңешинин мүчөсү ...

  • 09.06.2018 21:08 / "Sputnik.KG": Элина Абай кызы өзбек актерлору менен "Делбиримге" тартылат. Продюсер менен маек

    Жылдын аягында Ильяздын сүйүүсү менен күйүтүн чагылдырган "Делбирим" (Кызыл жоолук жалжалым) тасмасын азыркы доорго ылайыкташкан жаңы вариантта көрөбүз. Муну кыргыз-өзбек киночулары ишке ашырат. Башкы ролду эки тараптын тең беделдүү актерлору аткарма...

  • 09.06.2018 21:00 / "Кабар": 10-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

    Өлкө аймагында 10-11-июндарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32; Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 28…...

  • 09.06.2018 12:16 / "Марал": Чиновниктердин декларациясы дыкат текшерилет

    Айрым аткаминерлердин хансарайлары тууралуу видео-тасма чиновниктердин декларациясын кайра текшерүү маселесине себеп болду. Эл өкүлү Камчыбек Жолдошбаевге таандык делген 2,5 миң гектар аянт жер тилкесине салынган чоң үйдүн тасмасы интернет колдонууч...

  • 09.06.2018 12:15 / "Марал": Президенттик стипендияга документтерди кабыл алуу жарыяланды

    Президентке караштуу Билим берүү маселелери боюнча комиссия 2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн Президенттик стипендия ыйгаруу боюнча конкурска документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт. К...