Последние публикации

ИИБ кызматы 5 млндон ашык доллар карактагандарды табууга жардам сурайт

Ош шаарындагы аэропорттон 5,6 миллиондон ашык долларды карактагандар жана алар айдап качып кеткен унаа дагы эле табыла элек. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБ кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаардык милиция "Тойота Эстима" үлгүсүндөгү кароосуз калган же шектүү унааны көргөндөрдөн жардам сурайт. Эгер көргөн билгендер болсо 03222-5-71-81, 03222-5-59-10, 03222-5-52-44 номурлары аркылуу байланышка чыксаңыздар болот.

Эске салсак, 27-декабрда бет кап кийген, куралчан беш адам Ош аэропортунун VIP-залына кирип, акча салынган үч-төрт баштыкты жана бир адамды өздөрү менен кошо уурдап кетишкен. Алардын колдорунда Калашников автоматы, Макаров тапанчасы жана видеокамералар болгон.

Ссылка на оригинал публикации : www.kabarordo.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...