Последние публикации

Көзүнө туура эмес операция жасалган бала экспертизага жөнөтүлдү

Көзүнө туура эмес операция жасалган 9 жаштагы бала экспертизага жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, баланы жана энени коргоо улуттук борборунун дарыгерлери көзгө туура операция жасашкандыгын айтышууда. Азыркы учурда бала сооттук -медициналык экспертизага жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында кылмыш иш козгоо маселеси чечилет.

Эске салсак, 10-февралда Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер башкармалыгына 1976-жылы туулган Талас областынын Бакай-Ата районунун тургуну кайрылган. Аялдын айтымында, Жал кичи районундагы Улуттук энени жана баланы коргоо борборунун бир кызматкери менен офтальмология бөлүмүнүн башчысы анын 2006-жылы туулган уулунун сол көзүнө операция жасоо зарыл экенин айтышкан.

Аял буга макулдук берген. Бирок дарыгерлер баланын көзүн адаштырып алышып, соо турган оң көзүнө операция жасашкан. Өздөрүнүн катасы тууралуу алар операциядан соң айтышып жана болгону кечирим сурашкан.

Милиция кызматкерлери бул иш боюнча жогорудагы бейтапкананын 1962-жылы жана 1974-жылы туулган эки дарыгерин кармашты.

Ссылка на оригинал публикации : www.kabarordo.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...