Последние публикации

Ат-Башы районундагы «Медер» соода борборунун башчысы, райондук Кеңештин депутаты ЧӨЛБАЕВА Бактыгүл: «Жашообузга жакшылыктарды

Ат-Башы районундагы «Медер» соода борборунун  башчысы, райондук Кеңештин депутаты  ЧӨЛБАЕВА Бактыгүл: «Жашообузга жакшылыктарды

Жаңы замандын артыкчылыгын, ким иштесе ал тиштээрин алгачкылардан болуп аңдап-туя билип, соода борборун ачып, жеке ишкерликтен эл-журтунун бийик урмат-сыйына арзыган «Медер» соода борборунун башчысы Чөлбаева Бактыгүл менен маек курдук.

- Эгемен майрамың кут болсун. Өткөн советтик доордун сатуучусу, эгемен замандын элге таанылган жеке ишкери катары артка кылчайып, өткөн-кеткенди эскерип, андан соң сөз учугун уласаң.

- Ракмат, мындан туура 24 жыл мурда демократия, кайра куруу, базар баасы деген бейтааныш сөздөрдү укканда эртеңки жашообуздун кандай болооруна көзүбүз жетпей дендароо болдук элек. СССР тарап, өз алдынча эркин мамлекет болгондогу алгачкы жылдардагы кыйынчылыктар эстен чыкпастыр. Жумуш жок, чарбалар тарап, жан башына бөлүнүп берилген малдын, жердин баркына жетпей короосунан койдун үнү чыкпай калгандар да болбодубу. Өңгөдөн да бир койдун бир бөтөлкө «самапал» аракка айырбашталганын ойлогондо ич күйөт. «Билбеген жердин ой-чуңкуру көп» дегендей базар баасынын мурда биз билбеген өйдө-төмөнүн айрып ажырата албай бири байыса экинчиси колдо барынан айрылып, ар кандай жашоону көрдүк. Өкүнүчтүүсү ашынган алдым-жуттумдугу менен элинен куулган эки президент болбогондо мамлекет аябай эле алдыга жылмак деп ойлойм. Эми ал күндөрдүн баары артта калды. Кийинки жылдары айлыктар, пенсия пособиелер көбөйүп, элдин жашоосу кыйла эле оңолуп калды, ушуга шүгүр дейли.

Эгемендиктин арты менен өзүнүн дараметине, жөндөмүнө жараша ишкерлик кылып, өз турмушун гана оңдобой эл баккандар да көбөйдү. Менин жеке жашоомо да жакшылыктарды жылоолоду,

Өзүм тууралуу айтсам 1984-жылы кооперативдик техникумду бүтүрүп, универмагда сатуучу болуп иштечүмүн. Союз тарап, керек-жарак коому жоюлганда соода-сатык кылып, камок иштете баштадым. Кардарларга карамдуу болуп, товарларды анчалык кымбаттатпай ак, так иштесең эртедир-кечтир берекесин көрөт экенсиң. 2008-жылы «Медер» соода борборун ачтык, подвалында айыл чарба товарлары сатылат. Ишибиз жакшы, 18 адам иштейт, айлык акыларын убагында берем, майрамдарда белектеримди ыроолоп, көңүлдөрүн көтөрөм, кем-карчтарына да каралашып турам.

- Бактыгүл, сенин бул айтканыңды дүкөнгө келген кардарлардын дайыма кезек күтүп тургандыгы тастыктап турат. Айтмакчы, райондун акими Жакыпбек Субагожоев да жеке ишкерлердин арасынан сенин ар кандай иш-чараларга колдоо көрсөтүп келгениңди, колунда жокторго каралашаарыңды райондук Кеңештин депутаты катары да үлгүлүү иштерди аткарып жатканыңды айтып, мактады эле...

- Ии, дүкөндө кезек күткөндөрдүн көптүгүнө кызыгып жатпайсызбы. Буюм- тайымдарды, азык-түлүктөрдү элдин суроосуна жараша алып келип, бааларын башкаларга салыштырмалуу арзан коюлат, Ал эми кайрымдуулук жасаганымды мен мактанып, өзүмдү көрсөтүш үчүн эмес эл алдындагы кудай алдындагы милдетим жана парзым катары аткарып жатканымды айта кетейин. Балдардын кубанычын тең бөлүшкөндөн рахат алам. Жаңы жылда, 1-июнь балдардын эл аралык күнүндө үч бала бакчага белек-бечкектерди берем. Спорттук иш чараларга да колдоо көрсөтөм. Колунда жоктор, кары-картаңдар, сыркоолуулар келишет, мүмкүнчүлүккө жараша жардам берем. Кардарларымдын дээрлик көбү айлыкка, пенсия, пособиеге карызга соода кылышат.

- “Медер” соода борборун эртеден-кечке кардарлар кезек күтүп, тейлөөнүн мыкты өрнөгүн көрсөтүү менен эл көңүлүнө жаккандай иштете билүү тынымсыз эмгектенүүнү жана ар иштин көзүн таба билгендикти талап кылаары белгилүү эмеспи. Баса, райондук Кеңештин депутаты катары да шайлоочуларыңдын алдында аткараар милдетиң жеңил эместир...

- Ооба, өзүңүз айткандай ишибиз кыйла түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү. “Жалгыз таруу ботко болбойт” дегендей менин оорумду колдон, жеңилимди жерден алган жардамчыларым- үй бүлөм. Жолдошум Бакиров Жеңиш өзү салган дүкөндүн талаптагыдай иштетүүгө бардык шартты түзүп берген. Бишкекке товарга кеткенде узатып, кайра келгенде тосуп алат, сырткы жумуштардын баарын өзү бүткөрөт. Эки уулубуз студент, Улан Улуттук юриспруденцияда, кенжебиз Медер юридикалык академияда окушат.

Мен депутатыкка “Токой” шайлоо участкасынан шайлангамын, айрымдар ойлогондой депутаттык төш белгини көкүрөккө тагынып алып эле жүрө бербейбиз, эл алдындагы милдетибиз жооптуу. Жашоо жагдайда чечилбеген көйгөйлөр көп, шайлоочуларымдын ар кандай суроо талаптарын орундатууда жергиликтүү бийликке кайрылам, сессияларга маселелерди көтөрүп чыгып, ишке ашырылышына аракеттенем.

- Бактыгүл, эмесе эгемендиктин арты менен элге жаккан ишиңдин берекеси артсын, арабызда сендей өзүм дебестен өзгөлөрдү да ойлогон мээрман ишкер айымдар көп болсун дейли.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...