Последние публикации

Эл адамы эл арасында

Эл адамы эл  арасында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бактыгул Маматов кичи мекени болгон Өзгөн эли үчүн өзгөчө мамиледе. Анткени, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө айтаарлык салым кошкондугун жасаган жандуу иштеринин жүрүшүнөн гезит бетине жарыялап, калкты кабардар кылып келебиз.

Ушул жылдын 10-12-сентябрь күндөрү атайлап районго келип, алгач эки жыл мурун Ак-Жар айыл өкмөтүндөгү Большевик айылында менчик үйдө түптөлгөн “Айзирек” балдар бакчасына барып, 3 тайпада 72 баланын тарбияланып жаткандыгына күбө болуп, иш ыргактары менен жеринде таанышты. Аталган бакчанын башчысы Арууке Абдукаримованын, тарбиячылардын жана бөбөктөрдүн катышуусунда аларга атап келген акыркы үлгүдөгү комплект компьютерди тапшырып, келечек муундардын келечегине кеңири жол каалады.

Андан соң Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Байрак айылындагы Таштанкул Бөрүбаев, Мырзакедеги Мамат Нурбаев атындагы орто мектептеринин жамааттары менен да ой-пикир бөлүшүп, окуучуларды бүгүнкү технология менен окутууну максаттап, аталган билим берүү уяларына да бирден комплект компьютерлерди тартуулады. Ошондой эле 2013-жылдын 13-августунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жабыр тарткан Кызыл-Байрак айылынын тургуну Бакыт Каримовдун үйүндө да болуп, үй-бүлөсүнүн атынан акчалай жардам берди. Андан аркы иш сапары Арагөл айылынан уланып, элдик демилге менен эл тарабынан курулуп жаткан суу тосмосунун ишинин жүрүшү менен таанышып, тоолуктардын тоодой эмгектерин колдоо менен бирге эле алар тарабынан берилген турмуштук ар кандай суроолорго оңтойлуу жооп берди. Ошентип, эл өкүлүнүн эки күндүк иш сапары айылдыктардын алакан жайган алкыштары менен жыйынтыкталып, элеттиктердин эсинен кеткис күн болуп калды.

Жолдошбай АНАШОВ, Жакыпбек НЫШАНБАЕВ (фото).

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...