Последние публикации

Акматбек Келдибеков камакка алынды

АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

19-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековго кылмыш иши козголуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы А.Келдибековдун үстүнөн “коррупция” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Коррупция беренеси боюнча А.Келдибековго 2005-жылы Социалдык фонддун 21 миллионго жакын сомун негизсиз короткон деген айып тагылды. Ошондой эле ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жогорку атайын өкүлчүлүктөрүнүн мыйзамсыз түзгөнү, аны каржылоого республикалык бюджеттен 10 миллион сом бөлдүргөнү боюнча айыпталып жатат. Андан сырткары, Салык кызматын жетектеп турганда анын функцияларын “Ротак-Бишкек” фирмасына мыйзамсыз өткөрүп берген деген да айып бар.

А.Келдибеков: “Саясий куугунтук”

А.Келдибеков камаларга бир аз калганда видео билдирүү калтырып кеткени жана ал интернет булактарында жарыяланганы белгилүү болду. Анда А.Келдибеков өзүнө карата козголгон кылмыш ишин саясий буйрук экенин айтып, акыркы кездери бийликти сындаганы үчүн куугунтукка алынганын билдирген. “Мен “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпромуна” сатууга каршы чыкканым жана “Кумтөр” боюнча келишимди денонсациялоо демилгесин көтөргөнүм үчүн куугунтукка алындым. Мага каршы куугунтук 2011-жылы эле башталган. Анда УКМКдан иликтешип, эч кандай далил жок дегени үчүн аталган мекемеде иштеген эки кызматкер иштен бошотулган. Андан соң иш Башкы прокуратурага берилип, бул орган каалагандай мыйзамды тебелеп, иш козгоп жатышат”, - деген билдирүү тараткан.

Ал эми “Ата-Журт” партиясынын саясий кеңеши да А.Келдибековдун камалышын саясий куугунтук катары баалады. Мындай маалыматты партиянын катчылыгы таратып, бул ишти бийликтин атайын жасап жатканы катары сыпаттаган. Ошондой эле партиянын мүчөлөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун жоопко тартылышын саясий себептен болгону айтылат. Андан сырткары, аталган кайрылууда А.Келдибековду бошотуу талабы жазылган.

Митинг, жол тосмой..

21-ноябрда А.Келдибековдун тарапкерлери аны бошотууну талап кылышып, Ак үйдүн алдында нааразылык акциясына чыгышты. Чогулгандар А.Келдибековдун камакка алынышын саясий мүнөздө сыпаттап, аны бошотууну талап кылууда. Чогулгандар менен парламент депутаттары жолугуп аларды сабырдуулукка жана коомдук тартипти сактоого чакырды.

Ал эми ушул эле күнү А.Келдибековдун кичи мекени Алай аймагында дагы жашоочулар анын бошотулушун талап кылып митингге чыкканы кабарланды. Айрым маалымат булактарында Алай районунун Гүлчө айылында бир катар жарандар чогулуп, боз үйлөрдү тиге баштаганы айтылган. Ошондой эле, чогулгандар “Ош-Эркеч-Там” жолун тоскону айтылууда.

22.11.2013

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...