Последние публикации

Таластагы 40 млн. сом сарпталган чипсы чыгарчу завод иштебей калды

Таластагы 40 млн. сом сарпталган чипсы чыгарчу завод иштебей калды

Талас облусундагы чипсы жасоочу заводду шекер кызылчасын иштетүүчү фабрикага айландыруу пландалып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйында өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Буга чейин аталган заводко 40 миллион сом жумшалган. Бирок фабрика ишке кирген эмес.

Мураталиевдин айтымында, заводко жабдыктар жетишпей жаткандыктан иштебей турат.

"Фабриканы ишке киргизүү аракети болду. Бирок картошкадан жасалган классикалык чипсыларды чыгара алган жок. Андан көрө ордуна шекер кызылчасын иштетүүчү ишкана ачууну сунуштап жатабыз", — деди ал.

Ошондой эле объектини ишке киргизүүгө жоопкер тараптар жоопко тартыларын белгиледи.

Ссылка на оригинал публикации : sputnik.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...