Последние публикации

Айгүл-Тоо ботаникалык коругу жабылышы мүмкүн

Айгүл-Тоо ботаникалык коругу жабылышы мүмкүн

Баткен токой чарбасы Айгүл-Тоо ботаникалык коругун 5 жылга жабуу тууралуу сунушун өкмөткө жиберди. Анткени быйылкы жылы 50гө жакын гүл жулунуп, жок болгон гүлдөрдүн саны 10%га көп. Эгерде жыл сайын мындай көрүнүш улана берсе, 3 жыл аралыгында Айгүл гүлүнүн жок болуп кетүү коркунучу бар.

Учурда Айгүл гүлү 100% гүлүн төгүп, быйылкы сезон жабылды. Бирок, бул жылы гүлдү үзгөндөрдүн саны 10 учурга көп. Буга далил өспүрүмдөр үзүлгөн бир кучак гүл менен сүрөткө түшүп, социалдык тарамактарда кызуу талкууга жем таштаган.

“Биз Айгүл гүлдү үзгөн эмеспиз, корукка чыгып, андагы үзүлүп жаткан гүлдөрдү гана алганбыз. Белгисиз эки киши биздин түшүндүргөнүбүзгө карабай сүрөткө тартып алышып, интернетке чыгарып салышты”,- дейт окуучу Диларам Акматова.

Дүйнөдө сейрек кездешип, кызыл китепке кирген айгүлдү үзүүгө тыюу салынган. Буйрукту аткарбагандар 300сомдон 1 жарым миң сомго чейин акчалай жазага тартылуусу каралган. Бирок быйылкы жылы 50дөн ашык гүл үзүлгөн менен эч ким айыпка тартылган эмес.

Баткендеги токой чарба кызматкерлери эскертишкендей, гүлдү үзгөн учурлар улана берсе, 3 жыл аралыгында Айгүл таптакыр чыкпай калышы мүмкүн. Ошондуктан, аталган кызмат 5 жылга корукту жабуу демилгесин көтөрдү. Эгерде сунуш колдоо таап, мараторий жарыяланса, корукка суу тартылып, тоо этектерине ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулат. Алардын астына айгүлдүн уругу айдалып, көбөйтүлөт.

Жабылган соң корукту кайтаруу иштери күчөтүлөт, Айгүлдү көргөнү келгендер болсо сырттан эле назар салууга болот. Эске салсак, Айгүл-Таш мамлекеттик коругунун жалпы аянты 254 гектар. Ал 1978-жылы корукка алынып, гул кызыл китепке киргизилген.

Ссылка на оригинал публикации : yntymak.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...