Последние публикации

Нарында чегиртке каптап, өзгөчө режим киргизилди

Нарында чегиртке каптап, өзгөчө режим киргизилди

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал жана Нарын райондорундагы 42 266 гектар айдоо аянттары менен жайыт жерлеринде чегирткеден, зыяндуу курт-кумурскалардан тазалоо иштери улантылып жатат. Ал жерде учурда дары себүүчү жети техника иштеп жатат.

Май айында жарандык коргонуу кызматы ал аймактардын айдоо талааларында чегиртке каптап кеткени аныкталган. Андыктан ар кандай кырдаалдын алдын алыш үчүн өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Ссылка на оригинал публикации : www.azattyk.org

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...