Последние публикации

Т.Садакбаев: Коомдук кеңештер тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр каралууда

Т.Садакбаев: Коомдук кеңештер тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр каралууда

Коомдук кеңештер тууралуу учурда иштеп жаткан мыйзам 2014-жылы кабыл алынган. 3 жыл ичинде бир топ кемчиликтер болгондуктан, өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева атайын мыйзам долбоорун демилгелеп жатат. Ушул теманын алкагында Транспорт жана жолдор министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Талант Садакбаев менен маектештик.

— Бүгүнкү күндө чындап эле мамлекеттик мекемелер менен тыгыз иштеп келе жаткан Коомдук кеңештер бар. Ошол эле учурда тирешип келе жаткандары да жок эмес. Аларды тоготпой койгон учурлар көп болот эмеспи. Алдыда ишти дагы алга жылдырып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүү үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатат?

— Парламент Коомдук кеңештен байкоочу деген сөздү алып койгондон кийин жогорудагыдай маселе көбүрөөк жарала баштаган. Ошондуктан азыр Коомдук кеңештердин эмгеги текке кетпеши үчүн атайын мыйзам долбоору демилгеленүүдө. Мисалы кеңешке жарандар эки жылга гана шайланат. Бул тармакты жаңы эле өздөштүрүп келе жатканда, ишти алдыга жылдыруунун аркетин көрүп жатканда адамдардын мөөнөтү бүтүп калат. Ошондуктан төрт жылга узартуу сунушталууда..

— Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, сиздин оюңузча бул кандай натыйжа берет?

— Бул мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө убакыт жетти. Турмуш өзү көрсөтүп жатат. Коомдук кеңештердин иши жылгандай болуп, элге үзүрү көбүрөөк болсун деген максатта ушундай сунуштар болуп жатат.

— Коомдук байкоочу кеңештер өзүн-өзү баалоосунун кандай механизмдери иштелип чыгышы керек?

— Ар бир мекеменин өзүнчө шарттары бар. Бир коомдук кеңеш башка коомдук кеңешти баалай албайт. Мамлекеттик органга берсе алар да баалай албайт, анткени ага “оозун карап турган” байкоочу кеңеш керек. Ошол үчүн коомдук кеңеш өз ишин кандай аткарып жатканын жарыялап, өзү-өзүнө сын көз карашта болушу керек. Ошол эле учурда, массалык маалымат каражаттары аркылуу аткарган иштерин коомчулукка жеткириши абзел. Анткени, көбүнчө коомдук кеңеш коом менен иштеши керек. Бул институт мамлекеттик органдардагы былыктарды ачып, элдин кабардар болуусуна шарт түзөт.

— Учурда коомдук байкоочу кеңештердин таасири баштагыга караганда күчөдүбү?

— Коомдук байкоочу кеңештерге иштегенге жаштар көбүрөөк тартылса жакшы болмок. Чет мамлекеттерде жаштар социалдык долбоорлор менен иштебесе жогорку жумуштарга алышпайт. Бизде да ушундай болушу керек. Бул жактан сүйлөгөндү, эл менен аралашканды үйрөнөт. Мамлекеттик органдардагы иштөө системасын терең билүүсүнө шарт түзүлөт.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...