Последние публикации

Тариф саясаты дагы эле тактала элек

Тариф саясаты дагы эле тактала элек

Кыргызстандын өнөржай жана энергетика министрлиги өкмөттө турган тариф саясаты боюнча долбоорун кайтарып алды. Быйыл жыл башынан бери министрлик электр бааны так аныктай албай, убаракерчиликке түшүп улам жаңы бааны сунуштап, мына эми документин кайтарып алып отурат. Электр баа, акыйкатта да, олчойгон социалдык жүктү көтөргөн сезимтал маселелердин бири. Жаңы электр баа киргизилер алдында парламент тариф саясатын аныктоону өкмөттүн колуна өткөрүп берген.

А бирок өкмөт электр бааны каалагандай коё албайт. Аткаруу бийлигине бул маселени толугу менен оодарып коюунун салакасы кандай болорун башкалар билбесе да азыркы бийлик билермандарына жакшы тааныш маселе. Ошол себептүү 2010-жылкы апрель алааматынан кийин электр бааны парламент макулдугу менен гана коюу жөрөлгөсү жайылып, бирок да жуп каникулга тарар алдында Жогорку Кеңеш баа саясатын аныктоону кайра эле өкмөткө табыштаган чечимин чыгарып берген. Аткаруу бийлиги кайрадан тариф саясатын өзү аныктары айтыла баштаган чакта минтип өкмөт кароосуна коюлчу маанилүу документтин кайтарылып алынышы экинчи бир маселенин башын ачып берди.

Баа саясатын, электр акыны өкмөткө көз каранды эмес, жаңы баанын эсеп-чотун алдын-ала тыгыз иликтеп чыкчу монополияга каршы кызмат аныкташы керек экен. Ал ишке кириши үчүн айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, аткаруу бийлигине жүктөлчү милдеттер так аныкталышы зарыл окшобойбу. Аткаруу бийлиги көз карандысыз кызматтан өткөрүп алган жаңы баа саясаты мурдагыдай эле парламент жактыруусуна ээ болушу абзел. Албетте, эл өкүлдөрү кандай баа коюшту мурдагыдай аныктап бербегени менен, тариф саясатынын аки-чүкүсүнө аябай кызыгары турулуу иш. Мындан келди, толгон-токой тоскоолдуктардан соң жаңы баа саясаты ишке ашышы мүмкүн.

Буга чейин жаңы тарифтин эсеп-кысабын энергетика министрлигинин алдындагы отун-суу энергетикалык комплекси департаменти чыгарып, баа эмнеликтен көтөрүлөрүн жарыя кылчу, жабдуулар эскиргенин ырастап, тармак жалаң демилге менен күн кечирип келатканын алдыга жайчу. Баа саясатын министрликке тиешеси жок, өз алдынча көз карандысыз кызмат аныктап, андан соң аткаруу, мыйзам чыгаруучулар талкуусуна салынары кантсе буга чейин жасалып келген салттуу жөрөлгөнүн кадыресе өзгөрүшүнө алып келери белгилүү.

Быйыл жаздан бери эле энергетика жана өнөржай министрлиги эки ирет бааны өзгөртүү сунушун киргизип, биринчисинде электр тогу менен үй жылытуучуларга бааны 2 сом 20 тыйындан чектөөнү, жайкысын 300 киловатт-саат, кышкысын 600 киловатт-саат электр энергиясын мурдагы баасында, андан ашканын кымбат баа менен төлөтүүну туура көргөн. Жаңы баа чоң талкууга түшүп, ал тармакты бучкактаган жемкорлукка жаңы жол ачкандан башкага жарабастыгы айтылгандан кийин министрлик кезектеги жаңылыгын алдыга жайды. Кийинки сунуш боюнча ушул жылдын 1-июлунан тарта 3 фазалуу электртогун пайдалангандарга акыны 1 сом 20 тыйынга чектөө киргизилмек.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда жыл бою 12 – 14 миллиард киловатт-саат электрэнергиясы өндүрүлүп чыгарылат. Анын басымдуу бөлүгүн (11 – 12 млрд.) калк пайдаланат. Маселен, 2011-жылы 15,1 миллиард киловатт-саат электрэнергиясы өндүрүлүп чыкса, анын 11,2 миллиардын калк, 2,8 миллиард киловатт-сааты сыртка экспорттолгон. 2012-жылы деле ушундай эле көлөмдөгү электрэнергиясы иштелип чыгып, анын 13,3 миллиард киловатт-сааты элге сатылып, 1,6 миллиард киловатт-сааты четке чыгарылган. 2014-жылы иштелип чыккан 14 миллиард киловатт-саат электрэнергиясынын 13,2 миллиард киловатт-сааты ички базарга чыгып, сыртка 0,4 миллиард киловатт-саат гана электрэнергиясы сатылган. Быйыл эми Кыргызстан өзү сырттан электрэнергиясын сатып алууну көздөөдө.

Кыргызстан өкмөт башчысы Бишкекке иш сапары менен келген казакстандык кесиптешинен 1 миллиард киловатт-саат электрэнергиясын сатып алуу өтүнүчүн билдиргени маалымдалды. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча, бөлүштүрүү тармактарындагы жоготуулар 18% жакын көлөмдү түзсө, анын 16% техникалык жоготуулар, 2% жакыны коммерциялык жоготууларга чыгарылган. 2007-жылга салыштырмалуу жоготуулар 18% азайганы айтылууда. Коммерциялык жоготуулар 15% төмөндөгөн. Энергокомпаниялар электрэнергиясын уурдоолор толук дегидей жоюлганын ырасташууда. Ал эми техникалык жоготуулардын кескин көбөйүп кетиши электр жабдуулардын абыдан эскиргендигине байланыштырышат.

Ссылка на оригинал публикации : saresep.kg

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...