Последние публикации

МИНИСТРГЕ КАТ

Урматтуу Калыкбек Иманалиевич! ( Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министри К.Султанов - ред.)

«Баш айы бейиште, жети айы кейиште» жашашкан «Теңир тоону» союз учурунда орус тилдүүлөр «богом и государством забытый край» дешчү. Союз тараганда бири калбай көчүп кеткенин жакшы билесиз. Союздун болуп, толуп турган кезинде чечилбеген көйгөйлөр азыр да бар. Анын бири-транспорт маселеси.

Аянты боюнча эң чоң деген Нарын облусуна азыркы учурда бир да күндүзгү автобус каттабайт, жада калса коңшу Ысык-Көл облусу менен автобустук байланыш жок. Түнкү автобустар каттаган менен элге күндүзгү да автобус керек экен. Бишкектен Казыбек айылына «бус» тибиндеги микроавтобустар каттаган менен ал Казыбек айылынан эле жүргүнчүлөргө толуп калып ылдыйкы Кызыл-Туу, Кара-Булуң, Кара-Суу, Дыйкан айылындагылар бусикке түшүп, Бишкекке барабыз деп көтөрүнчүктөрү менен жолго чыгып, бирок толуп калган бусик токтобой кеткенде кыйын абалда калууда. Экинчиден бусиктер Кемин, Токмокко деле Бишкектин баасында акча алууда. Үчүнчүдөн бусиктер Кубакы бели менен кеткендиктен Балыкчыга барчуулардын абалы оор. Ортодо таксилердин күнү тууп, «Кубакыга кар жаады», «Долон тайгак» деген шылтоо менен жана майрамдарда жол акыны жогорулатып жиберишет.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн «Бишкек-Казыбек» каттамына чоң автобус жүргүзүп берсеңиз, карапайым элдин сообуна калып, батасын алат элеңиз. Ал автобус эртең менен 9да Бишкектен чыкса 11-12лер чамасында Балыкчыга барып, Теңир-Тоолуктарды алып жолдогу жүргүнчүлөрдү Казыбекке чейин жеткирсе, Казыбектен 9да чыккан автобус жолдогу 6 айылдын элин алып, 10до Ат-Башыга келип, бүт райондон чогулган жүргүнчүлөрдү алып, 11де Нарынга келип, ал жерден Кочкор, Балыкчыга, Бишкекке баруучуларды салып жол азабын тартпай карапайым эл жыргап калат эле.

Ал эми Казыбек-Бишкек каттамындагы бусикти Казыбек-Жаңы-Күч-Ак-Талаа-Терек-Суу-Ача-Кайыңды-Ат-Башы-Нарын-Бишкек каттамына которсоңуз Ат-Башы ра-

йонунун тескей тарабы менен такай байланыш болуп, элди тейлөөдө жаңы ийгилик жаралат эле.Сизди түзүлгөн көйгөйдү жеринде туура түшүнгөн инсан-жетекчи катары бул маселени оң чечип берээриңизге ишенип эл атынан кат жазган

Мусаев Иса Инаятович

Ат-Башы району, Казыбек айылы, Койчиев көчөсү 12.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...