Последние публикации

Жумамүдүн Шералиев – улуттун сыймыгы

Жумамүдүн Шералиев – улуттун сыймыгы

Кыргыз элинин руханий казынасына атан төө көтөргүс салым кошкон, улуттук обончулук өнөрдү жер пайынан түптөп, кыргыздын музыкалык маданиятынын өнүп-өсүшүн байыткан залкар инсан Жумамүдүн Шералиев жөнүндө сөз кылуу жооптуу да, сыймыктуу да. Анткени, улуттук обончулук өнөрдүн көч башындагы залкары-улуттун сыймыгы. Кыргыз обонунун пири, кыргыз обончуларынын атасы.

Жумамүдүн Шералиев 1915-жылы 3-сентябрда Ат-Башы районундагы Туюк-Богошту (азыркы 1-Май кыштагында) аймагында жарык дүйнөгө келген. Он үч, он төрт жаш курагында комузга, ырга болгон ышкысы артат. 1933-1935-жылдар аралыгында «Созулма», «Түшүмдө», «Сүйгөн жарга», «Сүйүү ыры» аттуу обондуу ырларды жаратат. 1936-жылы жаңыдан уюшулган кыргыз филармониясында солист болуп иштейт. Эл аспаптар оркестринде альт-комузда ойнойт. Оркестрдин коштоосунда ырдап, аткаруучулук чеберчилигин арттырат. Музыкалык сабактан сабат алып, нотаны үйрөнөт.

1939-жылы Москвада өткөн Кыргызстандын искусствосунун он күндүгүнө катышат. Москвалык угуучуларга өзүнүн «Түшүмдө», «Созулма» деген ырларын ырдайт. Ошол он күндүктө Ж.Шералиев «Ардак белгиси» ордени менен сыйланат. Жыйырма төрт жаштагы Жумамүдүн өкмөттүк жогорку сыйлыкка шыктанып, чыгармачылыкка баш оту менен киришип, бир катар чыгармаларды жаратат. 1941-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наамды алат. СССР композиторлор союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат.

1948-жылы Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясына редакторлукка которулат. Бул жерде 1953-жылга чейин эмгектенип, уюштуруучулугун, демилгечилдигин көрсөтүп, акындык, журналисттик шыгын өркүндөтөт.

Жумамүдүн Шералиев чыгармачылык өмүр жолунда алты жүздөн ашык обондорду чыгарган. Алардын көпчүлүгү эл арасына кеңири таралып, сөзү, обону элдики аталып кеткен. Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын музыкалык алтын корунда 223 чыгармасы сакталып турат. Орошон таланттын жан дүйнөгө жагымдуу, кубулжуган обондору кайнар булактай оргуштап, ар бир кыргыздын кулагына сиңип, оюн алып, жүрөгүнөн түнөк таап келе жатат. Мисалы, 1934-жылы чыгарган "Созулма", «Түшүмдө», «Селкиге» деген ырлары 78 жылдан бери зор сүймөнчүлүк менен ырдалып келе жаткандыгы эле эмне деген керемет.

Ж.Шералиев 1931-жылдан ыр жазган. 1939-жылы республикалык «Ленинчил жаш», «Кызыл Кыргызстан» газеталарына ырлары жарыяланып келген. Обондуу ырларынын көпчүлүгүнүн сөздөрү өзүнүкү. «Сүйгөн жарга», «Сүйүү ыры», «Укчу эркем», «Ойло сен», «Карындаш», «Жигитке», «Жашообуз болсун көктөмдөй», «Ырдалды», «Кыргыз жайлоосу», «Ай кайыңдар», «Сонунда» ж.б ондогон ырларды жазган. К.Тагаевдин «Долон» деген ырынын сөзү Жумакемдики экендигин көпчүлүк биле бербес.

Орошон акындын Нарын облусунун, райондун мезгилдүү басма сөздөрүндө жарык көргөн ырлары, термелери, сатиралык ырлары, интермедиялары, сахналаштырылган музыкалык композициялары ондоп саналат. Кезегинде «Токтогул ырдаган» деген бир көшөгөлүү, үч сүрөттүү пьесасы облустук, райондук театрларда коюлган. Жумакем жаш курагында төкмөлүк акындыгы менен да таанылган. Калык, Осмонкул, Алымкул, Кара Молдо, Ыбрай, Молдобасан, Атай, Муса, Бектемир, Мыскал, Абдыкалык, Шаршендей кайталангыс залкар таланттар менен үзөнгүлөш эмгектенген. Кезегинде Осмонкул төкмө акын менен оюн-чыны аралаш айтышын кагаз бетине түшүрүп койгон экен.

Ж.Шералиев өзүнүн жашап өткөн доорунда журналисттик шыгын да сынап көргөн. Өздүк архивинде республикалык, облустук гезит-жургалдарда 1940-жылдан өмүрүнүн акырына чейин жарыяланган очерктери, аңгемелери, макалалары, фельетондору сакталуу.

1990-жылы күз айларында Жумакемдин 75 жылдык юбилейинде өзү менен баарлашкан элем:

-Жумаке, обондоруңуздун көпчүлүгүнүн сөзү өзүңүздүкү экен. Андан башка да толгон ырларыңыз бар тура. Буларды топтоп, өзүнчө китеп чыгардыңызбы?

-Ага деле жулунганым жок. Көп эле ыр жаздым, айта берсем толуп жатат. Көп ырларымдын сөзүн элдики деп жазып жүрүшөт. Ага деле унчукканым жок. Өзүм элдики болгондон кийин сөзүм да, обонум да элдики болгондон артык сыймык жок деп ойлойм.

Жумамүдүн Шералиев бир кылымда бир эле жаралган төрт тарабы төп келишкен залкар таланттардын залкары болучу. Ал обончу-композитор, мыкты аткаруучу-ырчы, комузчу, төкмө акын, жазуучу, журналист, драматург, чечен, дастанчы, санжырачы эле. Көп кырдуу, ар тараптуу зор таланттын чыгармачылыгы музыка изилдөөчүлөр, адабиятчылар тарабынан илимий жактан терең иликтөөгө алына элек. Бузулбаган дың боюнча турат. «Нак алтынды дат баспайт» дегендей эртеби-кечпи бул иш колго алынаарынан күдөр үзбөйлү…

Жумакемдин «Жаштар ай», «Ырлар», «Тандалма ырлар», «Картайтпайт менин ырларым», «Ырдап кой» деген обондуу ырлар жыйнактары бар.Бул жыйнактар ар тараптуу зор таланттын чыгармаларынын толук жыйнагы эмес. Бир гана үзүмү. Келечекте чыгармаларынын томдугу чыгып калаар…

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын

ээси Жумамүдүн Шералиевдин өзү, орошон чыгармачылыгы жөнүндө бул чакан макалада толук айтууга мүмкүн эмес. Айта берсек сөз да, убакыт да жетпейт. «Сөз кезеги келгенде айтпаса сөздүн атасы өлөт» дегендей, учурдагы жагдайга жараша айта турган сөз бул. Жумамүдүн Шералиев өзүнүн көөнөрбөс таланты менен атпай кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанылып, өзүнө-өзү түбөлүк эстелик орноткон инсан, алтындан эстелик тургузганга муктаж эмес. Кеп төркүнү улуу инсандын чыгармачылыгын кийинки муундарга кеңири түшүндүрүү, жеткирүү, аны менен жаштарды тарбиялоо.

Жылынабы, эки жылда бирби, айтор Ж.Шералиевдин ырларын мыкты аткаргандардын сынагы өткөрүлсө. Мыкты өнөрпоздорго композитордун сүрөтү түшүрүлгөн төш белги тапшырылса. Мектептерде, китепканаларда Ж.Шералиев жөнүндө туруктуу китеп көргөзмө же атайын бурч уюштурулса. Композитордун чыгармаларын даңазалаган айыл өкмөттөр, мекемелер, мектептер аралык «Ыр кесе» өткөрүлүп, «Ж.Шералиев атындагы» лауреаттык ленталар берилсе. Ат-Башы айылынын бир көчөсүнө Ж.Шералиевдин наамы берилсе артыкбаш болбос эле.

Албетте, бул сунуштарды райондук жетекчилик, райондук маданият бөлүмү көз жаздымда калтырбас деген ойдо ушул макала жазылды.

Т.Султанов

Ат-Башы районунун ардактуу атуулу.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии. Если у вас есть аккаунт на сайте, пожалуйста, войдите.
Только зарегистрированные пользователи могут отправлять запросы в Комиссию по рассмотрению жалоб на СМИ. Если у вас есть аккаунт, пожалуйста войдите.

Пока ни одного комментария...